alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар
Эң мыкты

🕌ОРОЗО АЙТ КҮНҮ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

✍🏻Шаввал айынын биринчи күнү фитир, б.а., Орозо айттын, ал эми Зилхижже айынын онунчу күнү Курман айттын биринчи күндөрү болуп эсептелет. Бул эки күндө күн чыккандан кийин 45 мүнөт өткөн соң, б.а., карахат убактынан кийин эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.

Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош. Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан кийин окулат.

💫Орозо айт күнү эмнелерди кылуу керек?

📍1 — Орозо айтка чейин чейин сөзсүз түрдө фитр-садаканы берип, кутулуу керек.Анткени:
«Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс)

📍2 — Орозо айтка чейин таттуу нерсе (курма же момпосуй) жеш, денени толугу менен жууп, гусл алуу зарыл.

📍3 — Орозо айт майрамдык намазды окуу менен башталат. Жамаат менен окула турчу орозо айт намазына катышуу эркектер үчүн — парз.

📍4 — Айт намазга сүннөт боюнча бир жол менен барып, башка жол менен келген жакшы.

📍5 — Бул күнү чоң майрам болгондуктан эң жакшы кийимдерди кийүү керек. Жолдо акырын такбир окуу мустахаб.

📍6 — Бири-бирине белек берип, бул майрамды адатка айлантып чоң сүйүнүч менен күтө тургандай кылып жакындарга кубаныч тартулоо керек. Пайгамбарыбыздын «Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын» деген хадисине амал кылалы.

📍7 — Дасторконго эң жакшы даамдарды коюп, бири-бириникине конокко барып ортодого карым -катнашты бекемдөө керек.

📍8 — Адатта кыргыз элинде айт майрамдарында сөзсүз түрдө боорсок даярдалат эмесби . Конок он ырыскысы менен келет дегендей даамдуу тамактарды даярдап конок күтүү жакшы.

📍9 — Көптөн бери катташпай жүргөн дос-туугандардын амандыгын сурап, ооруп жаткан адамды зыярат кылуу керек.

📍10- 30 күн бою орозо кармап, организмди, акыл-эсти тазалап, напсини башкарып алган соң ушундай темп менен 1 жыл бою кийинки Рамазан айына чейин аман-эсен жеткирүүнү Аллахтан көп-көп сурап, дуба кылуу зарыл.

Курман айтта намаздан мурун эч нерсе жебөө, намаздан кийин курмандыкка чалынган малдын этин жеш, намазга баратканда үнүн катуу чыгарып, (кандайдыр бир сыркоосу бар адам акырын чыгарса да болот) такбир окуу мустахаб.

Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

🛐Айт намазы кантип окулат?

📌1. Адегенде: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», — деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат.

📌2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, кулак кагылат. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Ал эми үчүнчү такбирден кийин колдор байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет.

📌3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана бир сүрө окуйт. Анан такбир кылынып үч жолу кулак кагылат. Төртүнчү такбирде колдор көтөрүлүп кулак кагылбастан рукуга ийилет. Кыскача: «Эки жолу кулак как, бир жолу байла. Үч жолу кулак как, бир руку кыл!» деп эске тутууга болот.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button