alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
Макалалар

Аллага шүгүр келтир!

Аллага шүгүр келтир!

📍 АЛЛАГА ШҮГҮР КЕЛТИР

🕌Аллах Таалага чексиз мактоолор
чексиз шүгүрлөр болсун. Сүйүктүү пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васалламга саламдар жана салаваттар болсун.

Аллах Таала мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү. Аллах Таала ырайымдуулардын ырайымдуусу. Аллах Таала кечиримдүүлөрдүн кечиримдүүсү.

Алланын мээримдүүлүгүндө, ырайымдуулугунда, кечиримдүүлүгүндө чек жок.

Аллах Таала кечиримдүү Зат, кечиргенди жакшы көрөт, сүйөт.

Инсан адам баласы канчалаган күнөөлөрдү кылбасын Аллахтан истигфар айтып, кечирим сурап, Аллах Таалага тооба кылса, жалынып жалбарып дуба кылса Аллах Таала кечирет Өзүнүн Кечиримдүү деген сыпаты менен.

Адам баласы канчалаган күнөөлөрдү кыла берип, кыла берип күнөө кылгандан чарчады. А бирок Аллах Таала инсандын кылган күнөөлөрүн кечире берип, кечире берип кечиргенден чарчаган жок.

Эми биз бир мезгилдерде жок элек Аллах Таала бизди бул дүйнөгө жаралышыбызды каалап, арзыбаган бир тамчы суудан ата-энебизди себепчи кылып жаратты.

Жаратып эле эмне болсоң ошол бол деп бизди таштап койбостон бизге көптөгөн жакшылыктарды, көптөгөн нээматтарды берди. Биз Алланын берген нематтарына, жакшылыктарына шүгүр кылышыбыз керек.

Азыр карап көрсөк канчалаган бир туугандарыбыз угайын десе угалбайт, укканга муктаж канчалаган бир туугандарыбыз бар. Көрөйүн десе көрө албайт, көргөнгө муктаж канчалаган бир туугандарыбыз бар. Басайын десе басалбайт, майып, каляскада олтурат, басканга муктаж канчалаган бир туугандарыбыз бар. Кармайын десе кармай албайт кармаганга муктаж.

А биз болсо көрөбүз, угабыз, басабыз, кармайбыз бардык 12 мүчөбүз соо. Бул жакшылыктарды берген Аллах Таалага шүгүр келтиришибиз керек.

Аллах Таала бизге жеген нерселерибизди аш кылыш үчүн ашказан берди. Жеген нерселерибизди ашказаныбызда аш кылып, кайра чыгарып жатабыз.

Азыр карап көрсөк ушундай бир туугандарыбыз бар жеген нерсесин кайра чыгара албайт, чыгарыш үчүн канчалаган миллиондорду сарптап жүрүп зорго чыгарышат. А бизде андай эмес, бул да болсо Алланын берген жакшылыгы.

Аллах берген ар бир кыймылга, ар бир буюмубузга, ичээр тамагыбызга, жылуу жуурканыбызга айтор бардык бергендерине шүгүр келтирели. Шүгүр айтсак деле, ырахматыбызды жаадырсак деле кем. Аллах Тааланын бергендерин эсептеп бүтө албайбыз.

👳‍♂ Ахунов Акжол

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button