alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
МакалаларТарбия

КЫЗ ДЕГЕН..

КЫЗ ДЕГЕН..

Кыз деген ыйманы менен сулуу, уяты менен улуу, абийири менен бийик дегендей кыз деген көрүнгөн эркекке колун кармата берсе, алаканынын кытыгы кетет. Кытыгысы дегени- уяты. Уят кетсе, кыз деген касиетин сактоо сезимин жоготкону. Колун жигиттерге сунбастан, учурашуудан баш тарткан кызда назиктик, пакизалык, сыпайылык, аруулук деген асыл сыпаттар болот. Кыз деген төрөлгөндөн ар бир үйгө периштедей береке алып келген куттуу аял затынын учугун улаган бейиш таманынын астында болгон ЭНЕ болот. Үй — бүлөдө турмушка чыкканча атасынын, байкесинин, инисинин сандыкта оролгон кооз баалуу аламазы болот. Аны тапшыра турган бир гана ээси бар. Ал анын күйөөсү. Эгер билсеңиз аялзатын Ислам дининдей коргогон, даражасын бийик кылган, сыйын, урматын жогору койгон бир да бактылуулук жолун башка жолдон таппайсыз. Алла Тааланын сизге буйурган, тыйган мыйзамдары, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) дын көрсөткөн жолу, насааттары жалаң жакшылыктарга жеткирет. Анда канчалык бактылуу аялзат экениңизге хадистерден күбө болуңуз:

✨ Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:»Ким үч кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса, ал Бейишке кирет» — деп айтат. Аны угуп турган адамдардын бири: «Эгер эки эле кызды тарбиялап өстүрсөчү? — деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эки кызды тарбиялап өстүрүп турмушка узатса да Бейишке кирет» — деп жооп берет. Ошондо жалгыз кызы бар бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, эгер бир кызы болсочу?» — деп сурайт. Жылмайып күлгөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер бир эле кызды тарбиялап, анан турмушка узатса да, Бейишке кирет» — деп жооп берет. (Абу Дауд) .

Кыз турмушка чыгып, келин болуп, аял болуп башка бир эркектин колуна келет. Эми, Исламдагы эркектин милдети — аялын эч нерсеге муктаж кылбастан багып, ага жакшы мамиле жасоо.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун): «Силердин эң жакшыңар аялдарына жакшы мамиле кылганыңар» — деп айткан. Экинчи бир хадисинде: «Силер аялдарыңарды Аллахтын аты менен алдыңар, алар алсыз, алар силерге аманат, аларга жакшы мамиле жасагыла» — деп айткан.
Ааиша энебиз айтат: «Аллахтын элчиси үйгө киргенде ар дайым жылмайып кирет эле». Мусулмандын сыпаты үйүнө киргендеаялына жылмайып, салам айтып кирет. Эшиктен кирер замат кыйкырып, аялына акшыя караган сыпат мусулмандын сыпаты эмес. Аялыңа канча жакшы мамиле жасасаң, сени көргөн балдарың келечекте энесин ошондой сыйлайт. Күндөр өтүп, кыздарыбыз эне болот. Энени кантип сыйлоо керек, ага кандай мамиле жасоо керек баары Исламдан табылат. «Бейиш энелердин кадамынын алдында. Пайгамбарыбыздын бир ооз сөзү, эненин даражасы канчалык бийик экенин айгинелеп турат.
Бир адам Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип: «Менин сый-урматыма татыктуу адам ким?» — деп сурады.
«Энең» — деп, жооп берди. «Андан кийин ким?» — деп, сурады. «Энең» — деп жооп берди. «Андан кийинчи» — деп сурады. «Энең» -деп, жооп берди. «Андан кийин ким» — деп сураганда, «Атаң» — деп жооп берди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)….

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button