alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларПайдалуу кеңештер

ҮЙДӨГҮ УРУШ-ТАЛАШТЫН АЛДЫН АЛУУЧУ ДУА!

ҮЙДӨГҮ УРУШ-ТАЛАШТЫН АЛДЫН АЛУУЧУ ДУА!

Үйдөгү чыр-чатактын чыгуусуна себеп боло турган нерселер көп эмеспи. Андайда, «эмнеге ушул кезде ойлобогон жерден, болбогон нерсе үчүн урушуп калабыз?» деген суроо сизди да кыйнап жүргөн жокпу?
Ооба, кээде ойлобогон жерден от чыгат. Сырттан карасаң түккө турбай турган, айтууга да болбогон дүнүйө. Анда кадимкидей иренжитип, көңүлдү калтырып таштайсыз. Эч кандай ооз толтуруп айтаарлык себеп болбосо да, бут алдынан чыгып кала бере турган мындай уруштардын башы көбүнчө азгыруучу шайтандын айтуусу аркылуу жасалат экен.
Шайтандын эң жакшы көрөр иши — эрди катындардын арасын суутуп, адамдарды бири-бири менен арыздаштыруу. Ошондуктан анын тузагына түшүп калбайын десеңиз, үйдөн чыгарда жана үйгө кирерде Алланын атын айтып, атайын кирип чыкканда окулуучу дуаны окуп жүрүңүз!
Бул ар бир эркекке да, аялга да, жалпы ошол үйдө жашаган бардык адамдарга тиешелүү. Эгерде адам үйгө кирээрде жана чыкканда «Бисмиллах» деп Алланын атын айтып, дуасын окуп жүрсө, шайтан адамдан алыстайт жана ага зыян жеткире албайт.
Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кимде-ким үйдөн чыгаарда: «Алланын аты менен Аллага тобокел кылдым. Алланын күч-кубатынан ашкан эч кандай күч кубат жок»* (Бисмиллах, тауаккалту ‘ала-Ллах, лаа хаула уа куууата илла биллах) десе ага: *»Сен туура жолдосуң, кутулдуң жана коргоодосуң»* деп айтылат. Ошол кезде шайтан ал адамдан качып кетет да башка шайтанга барып: *»Сен туура жолдогу, кутулган жана корголгон адамга эмне кыла аласың?»* деп айтат» — деген. Бул хадистеги «кутулду» деген сөздү аалымдар: *»Ал адам адамга эки дүнүйө зыян бере турган нерселердин бардыгынан кутулат»,-дейт. (Абу Дауд)
Ал эми үйгө кирээр кезде окулуучу дуа бул:
«Алланын аты менен кирдик, Алланын аты менен чыктык, Роббибизге тобокел кылдык.»
«Бисмиллахи уалажна, уа бисмиллахи харажна, уа ьала роббина тауаккална»
(Кийин үйдүн ичиндегилерге салам берсин» делинген).

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам) минтип айтты: «Кимде — ким үйүнө кирээрде жана тамак ичээрде Алланы эсине алса шайтан: «Бизге бул үйдө түнөй турган орун жок» деп кетип калат. А эгер үйүнө киргенде Алланы эсине албаса шайтан: «Биз түнөй турган орун таптык! » деп кубанат. Ал эми тамак жеген учурда Алланы эсине албаса: «Биз түнөй турган орунда, кечки тамакты да таптык » дейт, » -деген. (Муслим)

Ошондуктан дайыма Алланы ысмын атап,шайтанды сиздин үй — бүлөңүздөн алыс болуусуна жагдай жасап жүрүңүз….

Даярдаган: Махарам Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button