alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларТаасирдүү окуялар

Шайтандын намазга ойготуусу

Шайтандын намазга ойготуусу

📍 ШАЙТАНДЫН НАМАЗГА ОЙГОТУУСУ

✍🏻 Баязид Бистамини күндөрдүн биринде уйку басып, багымдат намазына тура албай калат. Бир маалда ойгонсо эле намаз убактысы өтүп кетиптир. Баязид муну байкаары менен өкүнүчтөн өзөгү өрттөнө үшкүрүп, көзүнөн жашы буурчактап ыйлайт. Мына ушул чын жүрөктөн өкүнүп, тообо кылуусу үчүн Алла Таала аны жана анын урматына дагы жетимиш тозоктук кишини кечирет. Ошентип, арадан бир канча ай өтөт. Баязид Бистами бир күнү дагы уктап калат. Намаздын убактысы чыгайын деп калганда шайтан келип бутунан түрткүлөйт. Баязид Бистами ойгонуп караса чын эле шайтан. Ойготкону аз келгенсип » Тур, намаз оку», — деп эскертип турат. Бистами аны көрүп таң калганын жашыра албай:

— Эй, шайтан, сага эмне болду?! Качантан бери адам уулун намазга тургузуп калдың эле? — деп сурайт. Анда шайтан:

— Ар кайсыны сурабай тезирээк тур. Дагы намазыңдын убактысын өткөрүп жиберип ыйлап баштайсың. Өткөндө сенин айыңан Алла Таала канча эмгек кылып тозоко азгырган жетимиш адамды кечирип жиберди. Эми эмне кылсаң да андайга жол бербейм, — дейт.

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен.

Даярдаган: Асан кызы Диана

https://www.instagram.com/p/CBKOeqehFff/?igshid=cvkvrg11hy1k

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button