alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Макалалар

Акылдуу адамдарга алтындан кымбат кеңештер

Акылдуу адамдарга алтындан кымбат кеңештер

📍АКЫЛДУУ АДАМДАРГА АЛТЫНДАН КЫМБАТ КЕҢЕШТЕР

📍Адамдын адам менен болгон мамилеси, унаанын унаа менен болгон мамилесине окшойт. эгерде өзүң менен адамдар ортосунда белгилүү даражада аралык сакталбаса, кырсык көп катталат….ар кимге ачыла бербей, сырдуу бол!

📍Адамдарга ар дайым жакшы сүйлөй бербе. Анткени кээде абал үн катпай турууну мажбурлаганда, «Бизди жактырбай калыптыр, тоготпой жатат», деп күмөн санашат…

📍Бир киши имам Шафинин жанына келиип: «Паланча киши сизди жамандады», деп айтат.
Ошоондо имам Шафий: «жалган айтпаган болсоң, анда чакымчы (сөз ташыган киши) экенсиң. Сөзүңдүн чындыгы жок болсо, анда жалганчы экенсиң», деп айтат. Сөз ташып келген кишинин бети кызарып алыстап кетти…

📍Бирөөнүн адебин билгиң келсе, аны ачуусу келгенде көр.

Бирөөнүн өсө тургандыгын билгиң келсе, өзүнө жамандык кылгандарга кылып жаткан мамилесин көр.

Бирөөнүн акылын билгиң келсе, анын пикирине каршы чыккандар менен жасап жаткан мамилесин көр.

📍Куран китебиңдин үстүндө чаң көрсөң абалыңа ыйлагын. Ким 3 күн Куран окууну себеби жок таштаса, Курандан алыстаган болуп саналат.
Макаланы окуп бүтүп, Кураныңызды да барактап коюңуз.

📍Илимди үйрөнүп, бирок аны айтпаган киши байлык чогултуп, бирок ал байлыкты колдонбогон кишиге окшойт. (Хадис)

📍Бир киши: «Аялдар бут кийимге окшош. Өзүңө ылайыктуусун тапсаң, алмаштырып ала бересиң», деп айтат. Жанындагылар ошол жердеги аалым кишиден: «Бул кишинин сөзүнө эмне дейсиз?» деп сурашат. Ошондо аалым киши: «Бул кишинин сөзү туура» деп айтат. Кандайча дегендей таң кала карап калган элге сөзүн ушинтип улантат: «Өзүн бут менен теңеген киши аялды бут кийимге теңейт. Ал эми өзүн падыша деп эсептеген киши үчүн аял киши башка кийилген таажы сыяктуу.
Бул кишиге жаман сөз айтып урушпагыла, бирок өзүн эмнеге салыштырып жатканын билдирип койгула», деген экен…

☝🏻Эх адамдар!
Кедейликтен корккончолук тозоктон да коркушканда, экөөнөн тең кутулушмак. Байлыкты сүйгөнчөлүк Бейишти да сүйүшкөндө, экөөнө тең жетишмек. Адамдардын сөзүнөн корккончолук, Алланын сөзүнөн да корккушканда, дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушмак…

👤Топтоштурган: Идрис Айитбаев.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsA
https://www.instagram.com/p/CB8GNvghgn4/?igshid=g4ux5f2t59xf

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button