alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
МакалаларТаасирдүү окуялар

АЗИРЕТИ УМАР(Р.А) ЖАНА НИЛ ДАРЫЯСЫ ⠀

АЗИРЕТИ УМАР(Р.А) ЖАНА НИЛ ДАРЫЯСЫ ⠀


✍🏻 Нил дарыясы жыл сайын белгилүү бир убактарда кирип турчу. Ал ташкындаганда суу жетпеген жээктер суугарылып, элге пайдасы тийчү. Умардын (р.а) халифалык доорунда, хижраттын 21- жылы азирети Амр бин Аас (р.а) Мисирди багындырган. Ошол жылы Нил дарыясы тилекке каршы ташкындабай калат. Мисирдин эли:

— Оо Амр! Эзелтеден берки салтыбыз бар эле. Жыл сайын ушул маалда бир кызды жакут, берметтер менен шөкөттөп, таттуу-тарапа жана миңдеген нандар менен бирге Нилге таштачубуз.
. Мына ошол күнү, же эртеси Нил ташкындап баштачу,- дешет. Муну уккан Амр бин Аас:

— Алла Таалам өзү кечирсин. Нилдин ташкындоосу үчүн кыз ыргытуу жана Алла берген мынчалык көп тамак-ашты ысырап кылуу динибизде жок,- деп жооп берет.

Бирок арадан кырк күн өтсө да Нил такыр кирбей коёт. Мисир талааларында кургакчылык башталат. Айрым соодагерлер кампаларын жабат. Ошентип, Мисирликтерди каатчылык каптайт. Калк арасын ар кандай айың кептер аралайт. Кыйналган эл ар кайда көчө баштайт. Булардан чочулаган Амр бин Аас Умарга (р.а) Мисирде болуп жаткан окуяларды кенен баяндап, кат жөнөтөт.

Азирети Умар (р.а) Амр бин Ааска:

«Нилге кыз ыргытуу жөрөлгөсүн жойгонуң сонун болуптур» ,- деп жооп жазат да, жанына Нилге таштоочу үчүн дагы бир кат жиберет. Ал катта «БИСМИЛЛАХ» жазылгандан кийин: Оо Нил дайрасы! Эгер өзүңдүн күчүң жана кудуретиң менен агып жаткан болсоң, анда сага муктаж эмеспиз. Ал эми Алла Тааланын буйругу жана кудурети менен агып жатсаң, анда толуп, көтөрүлүп ак»,- деген жазуу бар эле. Каттын аягында болсо Нух пайгамбардын(а.с) кемеге түшөөрдө мусулмандарга окууларын буйруган » Бисмиллаахи мажрааха ва мурсаха инна Рабби ла Гофурун Рахим» ,- деген аят жазылган.

Амр бин Аас Умардын (р.а) катын окуп, Мисирдин аттуу-баштуулары менен бирге Нилге барып, Умардын(р.а) саламын айтып, катты Нилге ыргытат. Алтымыш күндөн бери кирбеген Нил дарыясы Алла Тааланын каалоосу жана «Бисмиллахтын» берекеси менен ташкындап, жалпы Мисир калкын кубанычка тундурат.

📚»Өчпөс сабактар » китебинен

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button