Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Халифанын кызы эмнеге ыйлады?
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Таасирдүү окуялар > Халифанын кызы эмнеге ыйлады?
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Халифанын кызы эмнеге ыйлады?

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:53 ТЧ
Бөлүшүү

Бир күнү белгилүү халифа Умар бин Абдулазиздин кичинекей кызы ата­сына ыйлап кирди. Бул күн Айт күнү болчу. Атасы кызын эркелете чачынан сылап:
– Кызым, эмне үчүн ыйлап жата­сың? – деп сурады. Кызы мурдун шор тартып:
– Балдардын баары жаңы кийим­дерин кийип алышыптыр, менде болсо жаңы кийимим жок, – деди. Умардын жүрөгү эзилип кетти. Чындап эле жа­нындай көргөн кызына жаңы кийим алып берип койсо болмок экен. Бирок, үйүндө бир тыйын да жок болчу. Кызын акырын алдынан түшүрүп, мамлекеттик казынаны көзөмөлдөгөн кызматчысына жөнөдү.
– Мага келерки айдын эсебинен бир аз тыйын бөлүп бере аласыңбы? – деп суранды казына башчысынан.
– Оо, момундардын падышасы, мен бул ишти аткарууга даярмын, бирок бир шарт менен, – деди казына башчы.
– Ал кандай шарт? – таң кала су­рады халифа.
– Сиз мага жазып бериңиз.
– Ооба, албетте жазып берейин, кана эмне деп жазышым керек? – хали­фа жазууга даярдана баштады.
– “Келерки айга чейин тирүү бо­лорума ишенемин” деп жазып берсеңиз болду, – деди казына башчы. Умардын жүрөгү солк дей түшкөндөй болду. Ордунан дароо турду да, артына кара­бастан үйүнө жөнөдү. Үйүнө келгенде балдары анын өңү кубарып кеткенин көрүп, эмне болгонун сурашты.
– Балдарым силердин алдыңарда эки жол бар: сабыр кылсаңар чогуу бе­йишке киребиз, сабыр кыла албасаңар атаңар тозокко кирет, – деди. Балдары бир ооздон:
– Атаке, биз сабыр кылабыз, сизди мындан кийин кыйнабайбыз, – деп жо­бурашты.
* * *
Аттиң, бүгүнкү заманыбызда Умардай падыша, анын казына башчы­сындай кызматчылар болсо кана!?
Аттиң, Умардай ата, анын бал­дарындай балдар болсо кана!? Анда жашообуз жеңилдеп, көйгөйдүн баары чечилип, Умардын заманындагыдай ка­рышкыр менен койлор бирге жайылып калбайт беле… Аттиң!?

//

The post Халифанын кызы эмнеге ыйлады? appeared first on FORMULA.KG.

October 01, 2015 at 11:25PM

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Азирети Умар, Ата -эне, байлык, Бала, сабыр, Сахабалар, Сахабалар турмушу
01.10.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Ош шаарында «Ыйык куранды жаттатуу жана Куран илимин үйрөтүү» у ишке кирүү алдында (фото)
Кийинки макала Баткен облусунун бардык жума окулган мечиттеринде элди алдыдагы шайлоого карата биримдикти сактоого чакырган хутбалар айтылды
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?