alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда кызматташуу жаатында пикир алышып, тараптар тажрыйба алмашууну сүйлөшүштү.

Ал эми АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат «Диний дипломатия» факультетин ачып жаткандыгын айтып, бул окуу онлайн жана офлайн форматында жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фонду менен  мындан ары кызматташтыкты бекемдей бере тургандыгын билдирди.

Аталган тажрыйба алмашуу жолугушуусуна Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев катышып, 2017-2018-жылдары АКШда өткөн тажрыйба алмашуу жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу иш-чарасына өлкөбүздөн дагы бир катар аалымдар катышкандыгын билдирди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button