alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

😞АЛ МЕНИ ТАШТАП КЕТПЕСЕ ЭКЕН…

😞АЛ МЕНИ ТАШТАП КЕТПЕСЕ ЭКЕН...

✍ Мен башта ал менен эч жолуккум келбейт эле. Аны менен көрүшүү үчүн убакыт жакындаганда шылтоо издеп, башка нерселер менен убара болуп кетет элем.
Качаар элем.
Бирөө ал жөнүндө айтып жатса, укпаганга, ал жерде отурбай туруп кетүүгө шашылат элем.
Аны ойлоп башымды да катырып көрбөптүрмүн.
Ошентип, аны оюма да албай, өз алдынча бир аз убакыт жүрдүм. Мен ансыз да бактылуу боло аларыма ишенимдүү элем. Менин бактым ал эмес, бактым эми келет деп күттүм.
Бирок!
Бирок андай эмес экен…
Убакыт өтүп баарын түшүндүм: мен ансыз бактылуу боло албайт экенмин…
Ушул нерсени түшүнгөндөн баштап мен аны менен көрүшүүгө ашыга тура турган болдум.
Алдын-ала жуунуп, таза кийимдеримди кийип, атыр себинип, кадимкидей даярдана турган болдум. Бар сырымды айтып, жеңелденип аламын.
Аны менен жоолукканда көңүлүм жай таап, жүрөгүмө тынчтык табарымды билдим.
Азыр!
Ал мени таштап кетпесе экен деп саат сайын тилеймин!
Ал мени таштап кетпесе экен!
Ал мени таштап кетсе…
Бүттүм!
Мени таштабачы, Кыяматка чейин менин жанымда болчу, мени азаптан, жакшылыктан, жамандыктан куткарып, чыныгы рахатка жеткиз НАМАЗЫМ🙌

🧕🏻Муслима Алина.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button