alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

Жин-шайтандарды үйгө киргизбөөнүн жолдору

1. Үйгө адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн жана жандуулардын эстелик сувенирлерин койбоо керек. Анткени, мындай үйгө периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө шайтан оңой кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Сүрөт жана эстеликтер бар үйгө периштелер кирбейт”. (Муслим).

 

2. Үй ичине ит багууга болбойт. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Бир жолу Жабрайил периште Аллахтын элчисине келүүнү убада кылып, бирок белгиленген убакта келбей койду. Аллахтын элчиси тынчсызданып, колундагы таягын жерге таштап: “Аллах жана Анын элчиси убадасын аткарбай койбойт” деген аятты окуп жатты. Бир убакта ал сөөрүнүн алдында жаткан итти көрө калып:

— Айша, бул ит качантан бери мында жатат? – деп сурады.

– Аллахка касам, анын качан киргенин көрбөдүм, — деп жооп бердим.

Андан соң итти чыгарып жибердик. Ошол учурда Жабрайил периште келип калды.

– Сени убада кылган убактан бери күтүп жатам, бирок сен келбедиң? – деп сурады Аллахтын элчиси.

– Сенин үйүңдөгү итттин айынан келе албадым, биз сүрөт жана ит бар үйгө кирбейбиз, — деп жооп берди Жабрайил периште. (Муслим).

 

3. Үйдү таза кармоого аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Шыпырындысын короосуна үйүп койгон жөөттөргө окшошпой, үйүнөрдү таза кармагыла”.

 

4. Тамактанууда “Бисмиллах” деп Аллахтын атын атоо менен баштоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Кимде-ким үйүнө киргенде жана тамакка олтурганда Аллахтын атын атаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силерге тамак да, орун да жок” деп айтат. Ал эми үйгө киргенде Аллахтын атын атабаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силер түнөгөнгө орун бар деп айтат. Эгер тамактанууда да Аллахты эстебесе, шайтан: “силерге тамак да, түнөк да табылды” деп айтат”. (Муслим).

 

5. Үйгө киргенде салам айтып кирүү керек. Куранда: “Эгер үйлөргө кирсеңер, Аллах тарабынан берилген таза, берекелүү саламдашууну айткыла” деп айтылган. (Нур сүрөсү, 61-аят). Эгер уйдө бирөо болсо “Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракаатух” деп салам айтуу керек. Эгер эч ким жок болсо “Ассаламу аьлайнаа ва аьлаа ибаадиллаахис-соолихиин” деп салам айтуу керек. Аллахтын аты аталган жерде жин-шайтан болбойт.

 

6. Үйдө Куран аяттарын көп окуу керек. Куранда: “Эгер Куран окусаң, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна жабык тосмо кылып коёбуз” деп айтылган.

 

7. Үйдө “Бакара” сүрөсүн окуу, же магнитофонго коюп туруу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Үйүңөрдү кабыр сыяктуу кылып албагыла, кайсыл үйдө “Бакара” сурөсү окулса, андан шайтан качат”. – деп айткан. (Муслим).

 

8. Үйдө нафил намаздарды көп окуу керек. Пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: “Үйүңөрдү кабырга окшотпой, анда да намаз окугула”. (Бухари, Муслим).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button