alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Жайыл районунун борбордук мечитинде видеокөзөмөл орнотулду

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун «Жайыл ата» борбордук мечитине 33000 сомго видео камералар орнотулуп, 24 саат бою видео көзөмөл жүрө баштады.

Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев камералардын иштеши менен жакындан таанышып, жалпысынан жети камера орнотулганын маалымдады.

«Даараткана, мечиттин ичи жана мечиттин айланасына жалпысынан өтө сапаттуу жети камера орнотулуп, мечитке тиешелүү бардык жерлерди көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул камераларды атын атабай эле коюуну суранган мечиттин жамаатынан бир кайрымдуу жараныбыз алып берди. Алла Таалам жакшылык кылган бир тууганыбыздын ишине береке берсин»,-деди Нурдан ажы Омуралиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button