alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ВидеоЖаңылыктарМедиа
Эң мыкты

Ысык-Көлдө мыйзамсыз диний агымга үгүттөгөнгө шектелген жаран кармалды

Ак-Суу районунда мыйзамсыз диний агымга элди үгүттөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБисинен кабарлашты.

Милицияга топ адамдар өлкөдө тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик ишин уюштуруп, жарандарды даават түрүндө үгүттөп жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Маалымат электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүүлөрдүн бири аныкталган, ал Орлиное айылынын 53 жаштагы тургуну болуп чыккан. Шектүү жарандын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, диний маалымат форматын камтыган таратма материалдар (диск, блокнот, баракчалар) табылып, далил зат катары алынып, тиешелүү экспертизага текшерүүгө жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча далил зат катары табылып алынган материалдар өлкөдө тыюу салынган «Йакын Инкар»диний-экстремисттик кыймылынын идеологиясы камтылгандыгын көрсөткөн. Учурда тергөө амалдары уланууда.

«Йакын-Инкар» агымынын ишмердүүлүгү 2017-жылы экстремисттик деп таанылган, буга чейин кыймыл Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүп келген.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button