alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
Макалалар

«Ушинтсек дин кантип өнүксүн?!» Динге кызмат кылымыш болуп кымтынган «зыкым таксырлар» жөнүндө

40 күн, төрт ай «Абу Бакр бүт дүйнөсүн, Азирети Умар байлыгынын жарымын динге арнаган» деп Кыргызстанды түрө кыдырып даават берет дагы өзү дин үчүн бир чычкак улак бергенге жарабайт. Ушундай өлгүдөй зыкым таксырлар бар да. Тепкени жип, минген аты эки миллион сомдук ат. Анткени улакка өлгүдөй кызыгат да. Качан барсаң телефон тиктеп улак көрүп аткан болот же аш жеген жерде токол жөнүндө обсуждения. Болду. А тиякта медрседе устаздар эски гөлөч, мурдагы жылкы чапанын кийип эртеден кечке алты миң сомдук айлыкка балдарга сабак берип аткан болот. Сонун адеп-ахлакты үйрөткөн мектептер бүт арендада байкуштар. Байкуш директору арендасын жаба албай же мугалимдин айлыгын төлөй албай жүдөп аткан. Таксырлар тиякта улакка ат издеп убара. Дин кантип өнүксүн анан. Европаны укса «астапралла» деп баш чайкап сакалын сылап жаа бою качат. Ояктын баарын гей деп түшүнүшөт. Алар бизге келип кычыраган университет ачып, мектептерди ачып, бала-бакча аркылуу өздөрүнүн идеологиясын жайылтып атышат. Өздөрүн сүйдүрүп атышат. Бекер окутушпай беш миң, он миң долларга чейин котракт төлөтүп окутуп атышат. Өө күнү медресенин контрагы канча десем он алты миң сом дейт. Э таксыр, дин ушунчалык арзандап кеттиби? А тиякта таксырлар экинчи аялга канча убакыт бөлүш керек экен деп аалымдарга суроо берип убара. Бирдеме десең «Ат мингенди билиш керек. Сүннөт » дейт. Аа динди, ыйманды сактап калыш, коомду жамандыктан жакшылыкка чакырып калуу мубахпы? Динге жардам берүү десе новостройкадан беш баласы бар жесир келин издей баштагандар бар. Эптеп ошого миң сомго продукты жасап берип тоону томкоргонсуп калабыз. Иш көп. «Эт кымбаттап атат, эт!»… А мүптият тууралуу кеп да кылгым келбейт. Сакал өскөндө мээ иштебей калабы деп кээде жиниң келет…

Автор: Бекжан Шыгаев 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button