alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Пайдалуу кеңештерТарбия
Эң мыкты

Текебер болбо, өтө эле жумшак да, корсулдаган орой да болбо!

⚡Кунт коюп окуңуздар.

1. Жакшы көргөн адамыңды көп мактаба.

2. Жараткан Роббисине баш ийбеген адам менен бирге баспа.

3. Эл чогулган жерде көп сүйлөбө.

4. Отурган абалыңда саламдашпа.

5. Сенден жүз бурган доско жакындаба.

6. Текебер болбо, өтө эле жумшак да, корсулдаган орой да болбо!

7. Чынчыл адам ант иче бербейт.

8. Өзүнө ишенген адам актанбайт.

9. Ыкластуу адам өкүнбөйт.

10. Берешен адам милдет кылбайт.

11. Жакшы көргөн адам тажабайт.

12. Башкалар каалагандай эмес, өзүң кандай болсоң ошондой бол.

13. Эл-журтту сыйлаганың аларга муктаж экениңди айгинелебейт. Сенин диниң жана тарбияң элди сыйлоону үйрөткөн.

14. Өзгөнү сыйлагын, ошондо сый көрөсүң.

15. Кулк-мүнөзүң мыкты, кичи пейилдүүлүгүң бийик жана каниеттүү болгун.

16. Сенин артыңан сүйлөгөн адамдарга көңүл бурба. Анткени алар сенден артта.

17. Элдерге Курандан канча жаттаганыңды же канча окуганыңды айтпагын. Алар Куранды сенин адебиңен көрүшсүн.

18. Курсагы ачты тоюндургун, жылаңачты кийинткин, муктажга жардам бергин, жетимге ырайым кылгын.

19. Сага жамандык кылганды кечире билгин.

20. Баарына жылмая караганды үйрөнгүн. Ошондо бактылуу болосун!!!

Шермухаммед Акматжан уулу

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button