alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларПайдалуу кеңештер

☝🏻ЖУМУШУҢДУ БЕРИЛИП АТКАРГАНЫҢ СЕНИ ҮЧ НЕРСЕДЕН САКТАЙТ

☝🏻ЖУМУШУҢДУ БЕРИЛИП АТКАРГАНЫҢ СЕНИ ҮЧ НЕРСЕДЕН САКТАЙТ

✍🏻Эгер бактылуу жашагың келсе бардык нерсени анализдей, бардык нерсени чечмелей, бардык нерсени тактай бербе. Алмазды тактап табам деген адам көмүрдү казып алуусу турган кеп. Сен ыйлап төрөлгөндө адамдар күлүп, кубангандыгын эсиңден чыгарба! Сен көз жумган күнү адамдар ыйлап кайгырышат, ошол күнү күлүп жан берүүң үчүн жакшы амалдарды аткарганды унутпа!

Артымда баспа, жолумду таппай калуум мүмкүн, алдымда баспа, сени ээрчибей коюум мүмкүн. Түбөлүк тилектеш болууну кааласаң дайыма жанымда бас. Башкалардын жүрөгүндө сага болгон кандай пикирлер бар экендигин билүү үчүн кээде талашып-тартышып турганга да муктажбыз. Кээ биринин пикирин уккан кезде эмне кылаарыңды билбей калсаң, кээ бирилеринин пикиринен кийин ага болгон сый-урматың артат.

Жумушуңду берилип аткарганың сени үч нерседен сактайт:

1. Зеригүүдөн.

2. Бузукулуктан.

3. Кедейликтен.

Дос лифт сыяктуу, сени бийикке көтөрөт же төмөнгө түшүрөт. Ошондуктан, кандай лифтке түшүп жатканыңа көңүл бур!

Ыйласаң да сыздасаң да күлсөң да күйүнсөң да таң атып, кайра күн батат, жашоо улана берет. Кайгыга батып жүрө бербей күлүп жашаганды үйрөн, кайгыргандан пайда таппайсың.

Эч кимге эмне үчүн көз жаш төккөнүңдүн себебин айтпа анткени, ал сени кантип ыйлатканды билип алат. Эч качан намазыңды калтырба, жер астында миллиондогон адамдар бар, эгер бул жашоого кайра кайтса, өмүр бою сажда кылмакмын деп өкүнүп жатышат.

Муса пайгамбар наристе кезинде алсыз экендигине карабай деңизге чөккөн эмес, ал эми Фираун колунда бийлиги, аскерлери бар экендигине карабай чөгүп кеткен.
Ким Алла менен болсо, анда, ал пенденин алсыздыгы өзүнө зыянын тийгизбейт, ким Аллага каршы болсо, анда, анын күч-кубатынан пайда жок.

Автор: Абдишүкүр ажы Нарматов.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button