alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:50 | alternatetextШам: 19:50 | alternatetextКуптан: 21:34
Жаңылыктар

Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө

Бүгүн, 25-ноябрдагы тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Билал ажы Сайпиев “Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө” деп билдирди.

Анын айтымында, учурда өткөрүлүп жаткан даават иш-чараларынын натыйжасында түндүк жана түштүк деп бөлүнгөн мусулмандар бири-бирине куда болуп, балдарын үйлөндүрүүдө.

Таблиги жамааты”, башкача айтканда, даават кыргыз жергесине 1997-жылы келген. Ошондон бери ал эч кимге жамандык кылган жок. Тескерисинче, ал өлкөдө диний стабилдүүлүктү түзүүгө жол ачты.Айылдарда аракечтик азайды, анткени дааватка чакырган мусулмандар көбөйүп, алар үйлөрдү кыдырып элди туура жолго салышууда. Бишкек-Ош жолунда буга чейин рэкетчилик өрчүп келген. Оор жүк ташуучу унааларды токтотуп жүгүнүн жарымын алып кетишчү. Мындай нерсе учурда жоюлду. Мен өзүм баш болуп ошол жерлерге барып даават кылчумун. Мындан тышкары, мектептин жанына курулган мечиттердеги даават дагы окуучуларга жардамын тийгизүүдө. Андай мектептерде рекетчилик жок. Себеби мектеп тарбиялануучулары окуудан кийин мечитке барып дааватчылардын сөзүнө кулак салышат”,-деди ажы.

http://super.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button