alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарындагы «Султан Акмат» атындагы медресе мекемесин аяктаган 47 студент «диний кызматкер» кесибине ээ болушту

Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарындагы «Султан Акмат» атындагы медресе мекемесинде бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп, салтанаттуу кечеге Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Орозали ажы Адранов, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев, медресенин мүдүрү Абсатар Хасанов жана ата-энелер катышты.

Талыкпай илим алып, уядан учкан  47 студент татыктуу түрдө дипломдорго ээ болушса,  алардын ичинен 4 кыз медресени артыкчылык диплому менен аякташты. 

 «Алган дипломуңар эң алгач өзүңөргө, үй-бүлө, жакындарыңарга, келечектеги уул-кыздарыңарга пайдалуу болсун. Андан артканы жалпы кыргыз элине, мусулмандарга  пайдалуу болсун»,-деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button