alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Жаңылыктар

С.Жапаровго кайрылуу: Армияда майып болгон, каза тапкан балдар үчүн ким жооп берет?

Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарганын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Бирок маркумдун жакындары өзүн-өзү өлтүрдү деген версияга ишенишперин билдиришкен. Акыркы жылдары армияда каза тапкан же майып болгуча сабалган жаштар арбып баратат. Буга байланыштуу Ош шаарындагы белгилүү психолог Дөөлөткан Кабыкова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду:

Урматтуу президент! Сизге Фейсбуктан кайрылуу жасашса эмнегедир күлкүм келечу, ал киши окубайт да деп.Азыр эми ыйлагым келип жазып жатам! Сиз окубасаныз, жаныңызда жүргөн кимдир бирөө балким окуп калса, Сизге жеткерсе деген ой менен.Менин жүрөгүмдү канаткан нерсе, биздин армияда эмнеге мынчалык ДӨӨПӨРӨСТҮК өкүм сүрүп жатат? Генералдарыбыз эмне менен шугулданышат?Же алар атайын ушинтип армиянын абийирин төгүп жатышабы?Армия балдарды мекен коргочу кылып тарбиялабай эле, балдарды өлтүргүч,кыйнагыч функциясын аткарабы?Же бул жөнөкөй эл билбеген кыргыз жигиттерин духун өлтүргүч программасы бар жерби?Ал жерден духу ,дене күчтүү,мекенди сүйгөн эр жигиттер чыгышы керек деп ойлочубуз.Эми ушунча балдардын инвалид болгону, өлгөнүнөн кийин эмне деп ойлошубуз керек?Инвалид болгон,каза тапкан балдар үчүн КИМ ЖООП БЕРЕТ? Мындай окуялардын биринде да бир офицер жооп бергенин уккан жокпуз.Армияда болуп жаткан былык иштер мекенди коргоо үчүн эмес, тескерисинче,аны кордоо үчүн кылынып жаткансыйт?Сиз эмне деп ойлойсуз?Генералдар эмне деп ойлошот? Эң көп генералы бар өлкөбүз го, чиркин! Ушул группанын админдери, кайрылуу Президент ке жетет деген үмүттөмүн. Армияда өтө коркунучту акыбалды түшүнүп турсаңар керек.

Эске салсак, Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө каза болгон жоокер Элдияр Жайлообековдун бир тууган агасы анын өлүмүнө аскер бөлүгүн күнөөлөп жатат. Ал өлүкканага маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн келген, ал жерге Коргоо министринин орун басары да барган.

Агасынын айтымында, Элдияр түнкү саат 00:00дө үй-бүлөсүнө телефон чалып, акча сураган. 

«Кызматтан кетүүгө 1500 сом керек экенин айтты. Офицерлер үчүн деп. Эмне максатта экенин айта албайм. Телефон чалганда дайыма бирдик сурачу. Азыр жок. Өлтүрүштү!» — дейт ал.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button