alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Эми Түркияда маркум болгон аскерледи такбир астында акыркы сапарга узатышакчы

Түркияда мындан ары аскер өтөчүлөрүн жана полиция кызматкерлерин акыркы сапарга Батыш өлкөлөрүндө салт болгон Шопендин маршынын алдында эмес, османдык диний такбир болуп эсептелген Segah Tekbir (Кудуреттүү Алла - "Аллаху Акбар!") коштоосунда узатылмакчы.

Бул такбир буга чейин расмий эмес түрдө тажырыйбаланып келген. Бул популярдуулугун төмөнкү видеодон кийийн алган. Анда түрк десантчылары маркум жолдошунун сөөгүн ардактуу күзөттүн Шопендин музыкасынын коштоосунда алып бараткан жеринен музыканын үнү угулбай кала турган абалга чейин такбир айтуу менен маркумдун табытын өздөрү алып жөнөйт.

Бул окуядан кийин Түркиянын дин иштеринин мурунку башчысы Мехмет Гермез мусулмандарга жат салтты Исламда түптөлгөн өздөрүнүн салты менен алмаштырууну сунуш кылган.

Албетте, бул демилгеге Түркиянын секулярчылары кескин сындап Түркияны исламдаштырууда деп чыгышты.

Ага крабастан, бул тууалуу чечим кабыл алынды. Бул чечим тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирүүсүндө:

«Биздин шейиттерибиздин элеси, алардын үй-бүлөлөрүнө жана биздин элдин астында түбөлүктүү. Акыркы сапарга узатуу аземин бизин улуттук каада-салттын негизинде жана көөнөргүс цивилизациябызда калыптанган таризде аткарууга милдеттубуз. Чет өлкөлүк маркум маршы бизге туура келбейт»-деген.

Булак
"Умма"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button