alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Рамазан 2017: Орозо кармагандарга ыңгайлуу тиркеме чыкты

Мусулмандар үчүн ыйык деп саналган айлардын бири Рамазан айы дагы кирип келди. 26-майдан 27-майга караган түнү бүткүл дүйнө жүзү боюнча мусулмандар ооз бекитип орозо кармашат.

Ал эми биз кыргызстандыктарга жагымдуу жаңылык даярдап койдук.  Ооз бекитип же ооз ачуу сааттарын билүү үчүн улам -улам календарды карап,  белгиленген убакыт боюнча шыңгырай турчу «будильникти» коюунун кереги жок. Болгону атайын тиркемени уюлдук телефонуңузга жүктөп алуу жетиштүү.  Ал үчүн Play Market’ке кирип Рамазан 2017 Кыргызстанда деп жазыш керек. Тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү кенен, ооз бекитүүгө же ооз ачууга 15 мүнөт калганга чейин  өзү эле сизге шаңгырап эскертме келип турат. Андан сырткары 5 маал намаздын убактысын да тиркеменин ичине кирген, ошондуктан аны да күйгүзүп коюу гана жетиштүү.  Убакыт муфтият тарабынан белгиленген. Болгону ырастоолордон кайсы аймакта жашайсыз, тандап коюу жетиштүү.

Орозо айында мусулмандар  тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт.
Таң заардан тартып күн батканга чейин созулат орозонун узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.

Бул да кызыктуу

6 пикир

  1. Бир гана ааламды жараткан Алахимга шугур

  2. Сонун Алла разы болсун баарыбыздан туткан орозобуз кабылболсун амин

  3. Аллахка шугур ! Алла ыраазы болсун,кармаган орозонудар кабыл болсунул.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button