21.1 C
Bishkek
13.06.2025
Жаңылыктар

Пакистанда “Валентин күнүнө” тыюу салынды

Исламабаддын Жогорку Соту коомдук жайларда “Валентин күнүн” белгилөөгө өлкө боюнча тыюу салды. Сот медиа каражаттарын бул майрам тууралуу маалымат таратпоого милдеттендирди.

Сотко арыз менен кайрылгандар маалымат каражаттары “Валентин күнүн” жергиликтүү маданияттын бир бөлүгү катары көрсөтүп жатат деген жүйөсүн айтышты.

14-февраль дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө сүйүү күнү катары өзгөчө жаштар арасында белгиленет. Пакистанда бул күндү белгилөө кайчы пикир жаратып, динди бекем карманган жарандардын каршылыгына туш болгон.

«Азаттык»

Related posts

Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусуповдун апасы Арзыбай кызы Мейликандын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу КМДБ көңүл айтат

Жалган маалымат таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон кыянатчылык

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев экс-муфтий Абсаттар ажы Дербисалинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу казак элине көңүл айтты

Leave a Comment