alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Германиядагы мечиттердин 3-майда ачылышы күтүлүүдө

Германия Ислам Кеңешинин төрагасы Бурхан Кесижи берген маалыматында кээ бир чараларды көрүү менен май айынын башында мечиттерди ачууну максат кылышкандарын айтты.

Германиядагы мусулман мекемелер өлкөдө коронавирус менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралардын негизинде жабылган мечиттердин 3 —  майда ачылышы үчүн даярданууда.

Германия мусулмандар координация кеңешинин кезектешкен башкармалыгын аткарган Германия Ислам Кеңешинин төрагасы Бурхан Кесижи берген маалыматында кээ бир чараларды көрүү менен май айынын башында мечиттерди ачууну максат кылышкандарын айтты.

Кесижи : «Биздин даярдыгыбыз 3 —  май үчүн. Албетте бул эпидемиянын кандай жүрүшү жана саясатчылардын кандай кадам таштай тургандыгы сыяктуу абалдарга да караштуу болот»,- деди. Кесижи топ түрүндө ооз ачуунун болбой тургандыгын да эскертти.

Германияда кээ бир шаарларда Ковид  — 19 эпидемиясынан улам мусулмандарга жакшы маанай берүү үчүн азандын мечит тышында да угулушуна уруксат берилишинин мыкты экендигин белгилеген Кесижи мусулмандарга Ковид  — 19 мезгилинде көрүлгөн чараларга баш ийүү жана жоопкерчилик менен кыймыл кылууга чакырды.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button