Оштун борбордук мечитинде 18 миңдей адам Кадыр түн тосту

1
1

Орозо айындагы касиеттүү түн өлкөнүн экинчи борборундагы 76 мечитте өттү.

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» борбордук мечитине Кадыр түнгө 18 миңдей адам келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Шаардык казыяттын маалыматына ылайык, чогулган мусулмандар кечинде ооз ачып, таң атканча мечитте куран, 30 рекет намаз окушту.

Быйыл Кыргызстанда Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленди. Касиеттүү түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнгө туура келет.

Ислам дининде бул түнү ыйык Куран китеби түшүрүлгөн делет. Ал түндө ибадат кылуу 1000 айга барабар. Эгер адам бул түнү мусулманчылыктын шарттары менен уктабай өткөрсө, 83 жыл ибадат кылгандай сооп алат.

Ал эми Орозо айт быйыл Кыргызстанда 5-июнда болот.

1 COMMENT

  1. Hmm is anyon elose experfiencing problems wityh tthe
    imags onn tis log loading? I’m trying to figur out if
    its a problem onn mmy end or iif it’s the blog. Anyy suggedtions
    woulpd be gteatly appreciated.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here