alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

“ЖАБИР” КЫЗДАР МЕДРЕСЕСИ 2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ!

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылында жаңы ачылган “Жабир” кыздар медресеси 2021-2022-окуу жылына карата 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат!

Кабыл алуу 2021-жылдын 20-августунан 10-сентябрына чейин жүргүзүлөт.

Окуу мөөнөтү 3 жыл болуп, бүтүрүүчүлөргө “Араб тили жана шарият” адистиги боюнча “мударрис” квалификациясы жөнүндө диплом берилет.

Медреседе диний билим менен бирге “компьютердик курстар” жана тигүүчүлүк боюнча кесиптик билим берилип, атайын сертификаттар ыйгарылат.

Экзаменге катышуу үчүн талап кылынган документтер:

1) Аттестат же 9-классты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк;

2) Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) Ата-энесинин арызы;

Экзаменден өткөндөр төмөнкү документтерди толуктап тапшырууга тийиш:

4) Мүнөздөмө;

5) Үй-бүлөлүк аныктама;

6) Медициналык аныктама: форма №086 жана №063

7)  3Х4 өлчөмдөгү 6 даана сүрөт

Медресенин окуу тартиптери, шарттары жана башка кошумча маалыматтар боюнча төмөнкү номерлер аркылуу маалымат алсаңыздар болот.

Байланыш үчүн: 0708767847 (Зухра), 0779736115 (Толгонай)

Медресенин дареги: Ош облусу, Кара-Суу району, Мады айыл өкмөтү, Октябрь (Посылка) айылы (ориентир: 9-км).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button