alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Ош шаарындагы “Сайида Хадича” кыздар медресесин Куранды толук жаттаган 52 кыз бүтүрдү

Ош шаарындагы «Сайида Хадича» медресесинин Куранды толук жаттаган кыздардын 11-жолку бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси жогорку деңгээлде өттү. Куранды толук жаттаган 52 кыз дипломдорго ээ болушту.

Бул медреседе чынында такшалган мугалим устазалар эмгектенишет, жыл сайын көптөгөн каары хафизалар ар-тарартуу кесиптерди кошо аркалап чыгышат.

Иш чарага Ош шаарынын казы өкүлдөрү, белгилүү ишмерлер, демөөрчүлөрдүн өкүлдөрү , бүтүрүүчү кыздардын ата-энелери, медресенин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр катышышты.  Салтанаттуу саамалык алкагында шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөтүү бул милдет болоорун, ал эми ата-энелерине мындан ары да илимин өркүндөтүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү суранды. Ошондой эле келечекте кийинки муундар да ушундай таризде улантыш үчүн медресенин мүдүрүн жана мугалимдерин  талыкпай эмгектенүүгө чакырды.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button