alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөндөгү мечит имамдарына бир катар тапшырмалар берилди, текшерүүлөр болоору эскертилди

Бүгүн, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын өтүп, маркумду акыркы сапарга узатууда ысарапкорчулук менен күрөшүү, мечиттердин тазалыгы, каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо жана жума баянын Муфтият бекиткен бирдиктүү темалардын негизинде өтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйынга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана Өзгөн районунун имамдары  катышты.

Иш-чарада Өзгөн районунун баш имам-хатиби мечиттердин таза болуусу шарт экенин баса белгилеп, имамдарды ишембиликтерди өткөрүүгө чакырды.

«Биз мындан ары мечиттердин тазалыгын кыдырып текшеребиз. Тазалыгы сакталбаган жана санитардык талаптарга жооп бербеген мечит имамдарына эскертүүлөрдү беребиз», – деди Акжол ажы Бакиров.

Ошондой эле каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо зарыл экенин белгилеген баш имам-хатиб бул жаатта иш алып барууга чакырды.

«Өзгөн районунда каттоодон өтпөгөн бир дагы мечит калбашы керек. Каттоо учурунда көйгөйлөр чыкса дароо бизге кайрылыңыздар. Колубуздан келишинче жардам беребиз, берип келгенбиз. Өкмөтүбүз дагы бул жаатта бардык жеңилдиктерди берүүдө», – деп билдирди баш имам-хатиб.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button