alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Жаңылыктар

Орозодо 30 күн бою Ибархим пайгамбар жөнүндө кыргызча мультфильм көрсөтүлөт

https://www.facebook.com/akzholtoy.askaraliev/videos/vb.100003815340389/992450447558791/?type=2&theater

Кыргыз тилинде алгачкы диний мультфильм Рамазан айында «Аян» телеканалы аркылуу 30 күн бою тынбай эфирден кете баштайт. Бул тууралуу аталган телеканалдан билдиришти.

«Ибрагим – Аллахтын досу (Ибрахим – халил Аллах)» — «Катар» телеканалынын буйрутмасы менен “Media Art” анимациялык продакшн студиясы тарабынан 3D тибинде даярдалган мультсериал. Анын ар бир сериясы 20 мүнөттү түзүп, 30 сериядан турат.

Бул мультсериалды арабчадан кыргызчага которуу идеясы жана каржылоо иши атын атагысы келбеген ак ниет адамдар тарабынан демилгеленди.

Мультсериалдын үн коштоо ишинде үн режиссеру милдетин аркалаган Акжолтой Аскаралиев учурда монтаждоо ишинин 35%ы аяктап калганын билдирди.

 “Тасманын үстүндө актерлук билими жок, бирок колдон келишинче аракет кылып, саамалыкка шериктеш болууну каалаган таланттуу балдар-кыздар иштешүүдө. «Аян» телеканалы да биринчи жолу мындай котормо иши менен алек болуп жаткандыктан, иш процесси бизге ырахат тартуулап жатат» , -деди Акжолтой.
Мультсериалда пайгамбарлардын атасы «Халил Аллах (Аллахтын досу)» лакабына ээ болгон Ибаргим алейхи саламдын төрөлүшүнөн көз жумганга чейинки бүтүн өмүрүнүн урунттуу учурлары чагылдырылат. Ошол кездеги коомдун өздөрү жасаган айкелдерге сыйынуу менен күн кечирүүсү, Нумруд деген зөөкүр падышанын өзүн кудайга теңеп, адамдарга зулум кылуусу, аны менен бирге Ибрагим алейхи саламга кысым көрсөтүп, дин жайылуусундагы машакаттар сыяктуу көрүнүштөр чагылдырылган.

Акжолтой Аскаралиев мультсериал туурасында:

«Бүгүн жаш бөбөктөрүбүз батыштын мультфильмдерин сүйүп көрөт, бирок алар тарбиялуу тасмаларды сунуштай бербейт. Ошондуктан, балдарыбызга альтернатива сунуштообуз зарыл. Биз келечек муун үчүн батыштыкынан калышпаган тасма тартууга дагы баса турган жолубуз узак болгондуктан, жок дегенде, бизден алдыда бараткан өлкөлөрдүн тарбиялык мааниси зор мультфильмдерин которуу аркылуу келечек муун үчүн жакшы алтернатива түзүп берсек болот», -деген ойлору менен бөлүштү.
 Ибрагим — Аллахтын адамзатка жиберген улуу пайгамбарларынын бири жана пайгамбарлардын атасы. Анткени кийинки пайгамбарлардын баары анын урпактарынан чыккан. Ибрагим пайгамбардын (алейхи салам) эң кооз сыпаттары Куран аяттарында бир нече ирет эскерилет.
http://ummamag.kg/

Бул да кызыктуу

3 пикир

  1. Ассаламу алейкум мультик ти сайттан да корсо болобу или чыга элекпи кызыгып жатам Аллах ыраазы болсун!

  2. Бул мультфильм Рамазан айында Аян ТВ аркылуу көрсөтүлөт.

  3. Бул мультфильмы интернет ке чыгабы

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button