alternatetext Багымдат: 03:34 | alternatetextКүн чыгуу: 05:34 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:11 | alternatetextШам: 20:26 | alternatetextКуптан: 22:28
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Адамзаттын уктаганда түш көрүүсү уйкудагы жашоо сыяктуу көрүнүш менен катар эле кээ бир учурларда аян берүү менен адамдарды таң калтырып жүрөт. Бирок көргөн түштүн баары эле дал келе бербейт. Анан да түш жооруган жакка оойт, демекчи жаман түш болсо да жакшылыкка жоруу керек. Көргөн түшүңүздү өзүңүз эле акылга салып, жакшы жакка жоруу үчүн төмөнкү макала жардамга келет.

Шамал
Катуу шамал сизге кайгы капа келет. Шамалдын ылдамдыгы кандай болсо капаңыз ошончолук болот. Сыдырым жел Аллахтан келген жакшы нерселер. Эгер шамал идиштерди сындырып жатса, тынч эмес жашоо болот.

Жаз
Жаздын келиши душмандардын сиз тарапка болгон каршы аракети башталды дегендик.

Таза аба
Ден соолуктун жакшы болушу.

Асман булутка толсо
Ден соолук начарлашы мүмкүн.

Өрүк
Ким түшүндө өрүк жеп жаткан болсо, анда ооруп калат же жашоодо эң маанилүү нерсесин жоготот.

Азан
Түшүңүздө азан угуп жатсаңыз, анда бул Хаджды билдирет. Шайдандын тузагынан алыс болосуз жана Алла Талаага дуа кылып, жакшы иштерди жасап жүрөгүңүз жай алат.

Акула
Ким түшүндө акула көрсө, жакында бир душманына жолугушу мүмкүн.

Ананас
Ананас жемишин түшүңүздө көрсөңүз , анда баштаган ишиңиз ийгилик менен аяктайт.

Дарыкана
Ооруп жаткан адамга түшүнө дарыкана кирген болсо, жакында жакшы болуп кетет. Ал эми ден соолугу жакшы адам көрсө, ооруп калышы ыктымал.

Дарбыз
Турмуштагы аял дарбыз көргөн болсо, жакында кош бойлуу болот. Эгерде турмушка чыга элек болсо, анда турмушка чыгат.

Үй
Ким түшүндө кичинекей үйдөн чыгып бараткан болсо, анда аны тынчсыздандырып жүргөн нерседен арылат. Эгер үй чоң болуп, кеңейип калса, жыйын-терин жакшы болот.

Ат
Түшүңүздө аттын үстүндө жүргөн болсоңуз, бийлик менен байлыкка ээ болосуз. Аттын үстүндө бирөөнүн артында учкашып бара жаткан болсо, бийликтеги адамдын жардамчысы болот. Ак ат түшүңүзгө кирсе жашооңузда чоң өзгөрү болот. Ал эми кара ат түшкө кирсе, бул жаман нерсени белгиси.

Сүрөт
Сүрөт түшүңүзгө кирсе, анда сырыңызды эч кимге айтпай сактаңыз.
Эгерде тааныштарыңыздын сүрөтүн түшүңүздө көрсөңүз, анда алар менен мамилеңиз начарлайт. Өзүңүздү сүрөткө тартып жаткан болсоңуз , жакында жаңылык угасыз. Эгерде өзүңүздүн сүрөтүңүздү көрүп жаткан болсоңуз, анда бул оору.

жана да көп көрүлгөн түштөр жана алардын маанилери төмөндө:

Китеп — илимий болсо – илимпозго жолугуу.
Мугалим – илим, жаңы тааныш.
Тил – узуну –душманды жеңүү, кесилсе –жеңилет, ача болсо илим, өзү кесип алса –жаман сөз айтуудан сак болуу керек.
Ак тон — байлык, карасы- аброй, сарысы-санаа.
Бут кийим – малдуу болуу, жыртыгы-жаман.
Кызыл кийим – аялдар үчүн шаттык, жакшылык, эркектер көрсө- жакшы болбойт.
Кийим — тазасы- таза көңүл.
Асман — өзүңүздү асмандан көрсөңүз падышага жакын болосуз.
Булут — падышаны көрүү. Акыл, илим.
Тоо – чыксаң — бийлик.
Суу — узундугуна жараша өмүр. Муздак суу –ден соолук. Суунун көп жыйылганы –молчулук, саламатчылык. Жылуу суу ичсе –жагымсыздык.
Дарыя — урмат-сыйлуу өмүр.
Деңиз — толкуса тынчы кеткен турмуш, жээкке чыкса-душманы багынат, үстү менен жүрсө — падышаны жеңет.
Кайык — башка өлкөгө саякатка баруу.
Шамал – буйрук. Өтө катуу бороон болсо –азаптуу көрүнүш, коркунуч.
Жер — бийлик, күчтүүлүк. Казса — алдамчылык менен тапкан мал.
Сел -душман, качса — качып кутулат.
Аял -(ажырашса) абийир кетет, (үйлөнсө) кубаныч. Аял киши өзүн эркек сыпаттуу көрсө уулдуу болушу мүмкүн.
Арбак — түшүңүзгө кирсе дөөлөттүү болосуз.
Өлүк көрсө — өмүрү узун болот.
Өлгөн адамды көрүү — таза кийими болсо — бейиште болот, кийим кир болсо-азаптан кутулушун тилеп, садага бер.
Өлгөн адамдан бир нерсе алса — ырыскы келет. Кийимин кийсең — жаман.
Тирүү адам өлсө — өмүрү узун, дени сак болот.
Мүрзө казса – жаңы үй курат.
Пайгамбарларды көрүү — бейишке жол ачылат, тозок оту арам болот.
Тумар – жакшылыктын белгиси. Ооруса айыгат, карыз болсо кутулат, аял көрсө перзенттүү болот.
Бейиш – дини тазалык. Окумуштуулук. Жемишин жесе –кадыр-барк.
Тозокту көрсө –кудай алдында күнөөңдү сезүү. Түшсө -азап. Кээде күнөөдөн арылат дейт.
Селде — дин, туура иш, тазалык.
Намаз окуса –жакшылык келет.
Азан –дини катуу, көкүрөгү тазалык.
Алтын – түйшүк, санаа. Садага бергениңиз оң.
Күмүш — байлыкка ээ болуу.
Бермет — кыз перзент.
Ай — максатыңыз ишке ашат. Эрсиз аял көрсө турмушка чыгат.
Жылдыз — мартаба.
Булак — бакыт, байлык.
Кийик – жакшылык.
Арстан — ийгиликтин чоңу, салабаттуулук.
Жолборс – качсаң тилегиң аткарылат, көп учурда душман.
Ит – тиштесе — урушасыз, үрсө — ушак, кас адам.
Жылан — байлык, кээде душман деп коёт.
Курт — байлык.
Кумурска — саякат, киреше.
Канат –кадыр-барк.
Аары — ушакчы душман.
Бал аары — киреше кирет.
Бал – мал-дөөлөттүү болуп, максатыңыз ишке ашат, жакшы турмуш.
Балык – майдасы — түйшүк. Чоң-чоң көбү — буюм-терим, мүлк.
Чымчык — капалануу.
Түлкү -куу адам, терисин алса мал-мүлк. Аял киши көрсө кыздуу болот.
Төө — сапарга чыгуу, амалдуу болуу.
Бака –капысынан табылган байлык.
Чычкан — кас адамдар, ууру.
Ат минип жүрсө — кадыр-барк, амал.
Ээр — жубайлуу болуу, бийлик.
Кулун — эркиндик.
Коён — балалуу болуу.
Эшек минсеңиз — кадыр-баркыңыз көтөрүлөт.
Бит — байлык деп коюшат.
Атыр — жагымдуу кабар, жакшы сөз.
Гүл — пайдасы болбогон эле иш. Дарак гүлдөгөн болсо- байлык.
Бак — курма жыгачы — илимдүү адам, жүзүм — ден соолук, байлык.
Алма — жүз көрүшүү. Жакшы көрүнсө-бейкуттук. Ак болсо — соодагерден келген жардам. Ачуусу — тынчсыздануу.
Коон — турмуштун ийгилиги, ачуусу –кордук.
Ашкабак — урмат-ызат көрүү.
Өрүк — бышканы-ошончолук алтын, быша элеги-оору.
Пияз — ачуу сөз, кызылы — эң жаман.
Алмурут — жакшылык, мансап.
Күрүч — ишке ашкан максат, ийгилик.
Жаңгак — иштеги чатак.
Анар — мал-мүлк, соодадагы ийгилик.
Мисте — душмансыз болот, шаттуулук.
Бадам – оорулуу көрсө айыгат, соо адам көрсө ооруйт.
Пахта — бактылуулук, багы ачылуу.
Урук –аял алуу, балалуу болуу, дүнүйө табуу, өсүп-өнгүгүү.
Чөп – сатса — санаа.
Тегирмен — максатынын ийгиликтүү жүзөөгө ашуусу.
Ичимдик – ачуусу — жаман турмуш, ширини — жакшы турмуш.
Шербет — ичсеңиз жакшы сөз угасыз.
Айран -ырыскы, мал. Төгүлсө –жаман.
Жаз -ыраактагы туугандардын бири келиши ыктымал.
Кар -ак эмгектен келген пайда, өмүрү узун болот.
Нан — ырыскы, жакшылык, үйгө алып келсеңиз ырыскы кирет.
Май -сары май — санаа, өсүмдүк майы — ишке ашкан максат, куйрук май — адал мал.
Бука — киреше.
Кой — сойсо-белек алуу, кээде байлыгы артат.
Козу — жетимчилик.
Мышык — аймаса — оору, бир нерсе жесе үйүнө ууру кирет.
Короз — аял алат.
Жип – агы — эң жакшы, жол.
Ач калуу – түйшүктөн кутулуу.
Куш — кармап алсаңыз бийликке жетишесиз, куштан жакшы белги сезилсе жакшылык болот.
Жүк көтөрүү — жеңил жүк көтөрсө кадырлуу болот, оор жүк көтөрсө күнөөсү көптүгүнөн кабар берет.
Жамгыр — береке болот.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button