Пайдалуу кеңештер

Мектепте бирдиктүү форманы кийүүнү жана жоолукту чечүүнү талап кылуу канчалык мыйзамдуу?

Мектеп директору же мугалимдери Кызыныздын жоолугуна асылып кодулап жатса прокуратурага, райондук/ шаардык билим беруу болумуно арыз менен кайрылып укугунузду коргонуз....

МЕКТЕПТЕ БИРДИКТҮҮ ФОРМАНЫ КИЙҮҮНҮ МАЖБУРЛОО ЖАНА ЖООЛУКТУ ЧЕЧҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУ КАНЧАЛЫК МЫЙЗАМДУУ? 

Бирдиктүү мектеп формасы боюнча чыгарылган Өкмөттүн Токтомун бетке тутушуп, илимсиз, маданиятсыз билим берүү кызматкерлери кызматынан аша чаап, айрым мектеп окуучуларынан жоолуктарын чечүүнү талап кылышып, адам укуктарын одоно бузган учурлар көп кездешүүдө. Бирдиктүү форманы кийүүнү жана жоолуктарды чечүүнү талап кылуу – бул эч бир талашсыз укук бузуучулук көрүнүш. Буга мыйзамдардан үзүндүлөрдү далил катары келтирип кетүүнү чечтик. Укуктарыңыздарды коргоодо төмөнкү статьяларга таянсаңыздар болот.

КОНСТИТУЦИЯГА КАЙРЫЛСАК. 

27.06.2010-жылдан Конституциянын 16-бересенине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого (дискриминацияга) алынышы мүмкүн эмес.
Конституциянын 20-беренесине ылайык,
ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого тыюу салынат. Диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу чектелүүгө тийиш эмес.
Конституциянын 31-беренесине ылайык,
улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.
Конституциянын 32-беренесине ылайык,
ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
Конституциянын 45-беренесине ылайык, ар ким билим алууга укуктуу. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

ДИН, ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИН КАНДАЙ ТҮШҮНҮҮБҮЗ КЕРЕК. 

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” 31.12.2008-жылдан №282 мыйзамына ылайык, дин – бул дүйнөгө көз караш жана дүйнө тааным, ошондой эле табияттан тышкаркы күчтөргө ишенүүгө негизделген тиешелүү жүрүм-турум жана өзгөчө иш-аракет (табынуу). Дин тутуу эркиндиги – бул адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу.

ЭЛ АРАЛЫК УКУК ТАНУУ ЭМНЕ ДЕЙТ. 

“Билим берүү тармагындагы кодулоого (дискриминацияга) каршы күрөшү жөнүндө” Бүткүл дүйнөлүк Конвенциясына ылайык (Кыргыз Республикасы бул Конвенцияга Жогорку Кеңештин 08.06.1995-ж. жана 10.06.1995-ж. Токтому менен кошулган), улутуна, түсүнө, жынысына, дин тутуусуна, саясий көз карашына ж.б. карата билим алуу тармагында чектөө же өзгөчөлөө, жыйынтыгында билим алуудагы теңдикти бузууга тыюу салынат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА МЫЙЗАМ ЭМНЕ ДЕЙТ. 

“Билим берүү жөнүндө” 30.04.2003-ж. №92 мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

КАНДАЙ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАРАЛГАН… 

Кыргыз Республикасынын 01.10.1997-ж. N68 Кылмыш жаза кодексинин 134-статьясына ылайык (Граждандардын тең укуктуулугун бузуу),

(1) Жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык болгондугуна карата адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери тикелей же кыйыр түрдө бузулганда, бул граждандын мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, – эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө (5 000 сом) чейин айып салынат же эки жылдык мөөнөткө чейин түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө (10 000 сом) чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-статьясы (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу):

(1) Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса,
– үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:
1) зомбулук кылуу же зомбулук кылам деп коркутуу менен;
2) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
3) адамдардын тобунун же кылмыштуу шериктештиктин (кылмыштуу уюм- дун) курамында;
4) экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан,
– белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бештен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Кылмыш-жаза кодексинин 305-статьясы (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу):

(1) Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чапкан жана ушул Кодекстин 305-1-статьясында каралган кылмыштын белгилери болбогондо, адамдардын, юридикалык жактын укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасаса,
– бир миңден эки миңге (100 000 – 200 000 сом) чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдын үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
2) жооптуу абалды ээлеген, кызмат адамы тарабынан; 3) зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында;
4) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;
5) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалса;
6) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында,
– жыйырма миңден отуз миңге (2 000 000 – 3 000 000 сом) чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

КИМГЕ АРЫЗДАНУУ КЕРЕК. 

Мектеп мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, директорунун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча бир эле мезгилде райондук/шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына жана райондук/шаардык прокуратурага кайрылуу керек. Алгач сотко кайрылуу зарыл эмес, сотко бир гана моралдык зыянды өндүрүү, жумуштан бошотуу ж.б. маселе менен кайрылуу мүмкүн.

КАНТИП ДАТТАНУУ КЕРЕК… 

Төмөндөгүдөй үлгүдө арыз жазып, аны көрсөтүлгөн даректерге тапшыруу зарыл:

.Документти ворд форматында көчүрүп алуу

КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК КҮТҮҮ КЕРЕК… 

Билим берүү башкармалыгы жана прокуратура кызматкерлери тарабынан сиздин арызыңызга кайдыгерлик мамилеге жасагандай сезилиши мүмкүн. Бирок, кандай болгон учурда дагы жазган арызыңызды сөзсүз түрдө тапшырууңуз зарыл. Үчүнчү нускада “алдым” деп кол койдуруп алыңыздар. Юрист/адвокаттан кеңеш алып, ар бир аракетиңизди макулдашып турууңуз иштин ийгиликтүү чечилишине өбөлгө түзөт.

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, атайын “Formula.kg” сайты үчүн

Макаланын автору:
Кеңеш берген адвокат Бакиров Кубанычбек Тоялыевич 
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close