alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларПайдалуу кеңештер

Кол тийбеген кыз кааласаң, кол тийбеген эркек бол

Кол тийбеген кыз кааласаң, кол тийбеген эркек бол

☝🏻Ушундай экен:

💐 Кубанып жашайм десең, кумурскадай иштегин.

💐 Ит сени тиштесе, сен итти тиштебе.

💐 Бардык адамда кемчилик бар. Андыктан кемчиликтериңе кейий бербе. Бирок эч качан жасалма күлүп арамза болбо.

💐 Ишиң болбой жатса, кайрадан жасагын. Ташты бир тамчы эмес, арты артынан тамган тамчылар тешет.

💐 Бул дүйнө бир даракка окшойт. Биз болсо ал дарактагы, кээси чийки, кээси бышкан мөмөлөр сыяктуубуз.

💐 Бир жылда кырк китеп окуйм десең, күнүгө жыйырма беш беттен окуганды адат кыл.

💐 Бир китеп окусаң, баарын билем дейсиң.
Эки китеп окусаң, акылыңдан шек санай баштайсың.
Үч китеп окусаң эч нерсе билбей турганыңды түшүнөсүң.

💐 Кол тийбеген кыз кааласаң, кол тийбеген эркек бол.

💐 Баардыгы узак жашагысы келет. Бирок бири да картайгысы келбейт.

💐 Күзгүдөн өзүңө өзүң жакпай жатсаң, күзгүнү эмес, өзүңдү оңдо.

💐 Үйрөнүүнү токтотуп койгон адам, жыйырма жашта болсо деле, сексен жаштагы карылардын катарына кирет.

💐 Он сомуңуз түшүп калса, аны табыш үчүн жүз сомуңузду коротосузбу? Албетте жок. Анда бирөөнүн сиз жөнүндө беш мүнөт былжыраганы үчүн, кымбат убактыңызды коротпоңуз.

💐 Бул дүйнөнү жакшы билсең алданбайсың.
Тиги дүйнөнү жакшы түшүнсөң алдабайсың.

💐 Сен бара турган караңгы мүрзөңдүн прожектору түнкү тахажут намазы.

💐 Керсейип бой көтөрүү- белге байланган таш сыяктуу. Аны менен сүзгөнгө да, учканга да болбойт.

💐 Атасы же энеси өлгөндө жаназасына турбаган, кабырга өз колу менен койбогон уулдун кейигенине ишенүүгө болобу?!

💐 Каргалар гүл бакчаны ээлеп алса, булбулдун үнү өчөт.

💐 Жалгыздыктын эң жаманы, сени түшүнбөгөндөрдүн арасында калуу.

💐 Күн баардыгынын башына бирдей тийет, бирок гүл башка, тикен башка жыттанат.

👤Топтогон Жеңишбек Жумакадыр.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button