alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Кара-Сууда 5 миң орундуу мечит курулду. Эртең айт намазы окулат

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында бир учурда 5 миң адам намаз окууга ылайыкталган чоң мечит ачылды. Мечиттин ачылышына Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, дин кызматкерлери жана район тургундары катышты. Кашкар-Кыштак айылынын жашоочуларын жаңы мечити менен куттуктаган облус казысы мазхабдын зарылдыгы жана биримдик боюнча сөз кылды.

«Бүгүнкү күндө биримдик аба менен суудай зарыл. Биз ынтымакта болсок, ар кандай терс көрүнүштөрдү  биргеликте жеңебиз. Бир мазхабды кармануу биримдикте болууга өбөлгө түзөт», – деп билдирди облус казысы.

Ал эми Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров мечит куруунун соопторун айтып берди.

«Мечит өтө кооз бүткөрүлдү. Эми анын ичин момундар гана абад кылат. Мечит ичиндеги ибадаттар андан да кооз болсун»,-дейт баш имам-хатиб.

Абдирашит ажы мечитке райондук хатибияттын атынан 10 даана ыйык Куран китебин белек кылып, дайыма окулуп турсун деп тилек кылды.

Эскерте кетсек, аталган саамалыкта радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча сөз козголуп, ислам дини чектен чыгууга каршы экени айтылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button