alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Республикалык Куран жарышына Ош шаарынан катышуучулар тандалды

11-сентябрь күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Эрдем» мечитинде Республикалык Куран жарышына катышуучуларды тандоо туру болуп өттү.

Тандоо турун Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев ачып, катышуучуларга кеп-кеңешин айтып, ийгиликтерди каалады.

Калыстар тобунун төрагасы тажрыйбалуу Толкунбек кары Камбаров баштаган дин кызматкерлери катышуучулардын Куранды жатка билүүсү, тилават жана тажвид эрежелерине карап баа беришди.

Тандоо турунан жогорку баага ээ болгондор Республикалык Куран жарышына жолдомо алышып, казыят тарабынан белектер берилди.

Алар: 
10 пара боюнча -Айвашов Орозали

20 пара боюнча -Мамадалиев Хикматулла

30 пара боюнча -Бахрамов Абдураззак

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button