alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөн шаардык мэриясында үй-бүлө маселеси жана алиментке байланыштуу көйгөйлөр камтылган жыйын өттү

Ош облусунун Өзгөн шаарында жашы жете электерге нике кыюу, алиментке байланыштуу көйгөйлөр камтылган жыйын өттү. Жыйынга ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, мэрия жана дин кызматкерлери, аксакалдар соту жана кварталдык кеңештен өкүлдөр катышты.

Абдималик ажы Турсунбеков көп катталып жаткан ажырашуу маселеси, өспүрүмдөргө нике кыюу, үлпөт тойлордогу ысырапкорчулук боюнча кеңири маалымат берди.

«Үй-бүлөнүн бекем болуусуна аял жана эреке жооптуу.  Шариятыбызда эркек өзүнүн никесиндеги  аялын, балдарын багууга милдеттүү»,-деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Үй-бүлөгө олуттуу көңүл буруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

 «Конституцияда көрсөтүлгөндөй, мамлекетибиз көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп саналат. Жыйында айтылган көйгөйлөр мыйзам негизинде чечилиши керек. Жогоруда айтылган нафака боюнча маалыматты элге кеңири жайылтуу зарыл. Негизи эле үй-бүлө маселеси оюнчук эмес. Үй-бүлөгө олуттуу көңүл буруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек», – деди Исакбай Мурзабеков.

Жыйында Өзгөн шаарында 500 адам алимент төлөбөй жүрсө, анын ичинде 235 аял алимент төлөө боюнча сотко кайрылганы айтылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button