alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

КАНДАЙ ГАНА КЫЙЫНЧЫЛЫК БОЛБОСУН АНДАН КУТКАРУУЧУ ДУБА.

КАНДАЙ ГАНА КЫЙЫНЧЫЛЫК БОЛБОСУН АНДАН КУТКАРУУЧУ ДУБА.

✍🏻Саад ибну Абу Ваккас, радыяллаху анху, айтты: «Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен олтурган кезде ал: *«Силердин бириңерге кыйынчылык же бул дүйнө балээлеринен бир балээ түшкөндө бул дуба менен дуба кылса, анда ал дуба кыйынчылык-балээрди кетирет. Силерге ушул дубаны айтайынбы?»* – деп айтканда «ооба» деп айтышты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: *«Зуннун (Юнус пайгамбар) кылган дуба. Ал – «Лаа илааха илла анта, субхаанака, инни кунту миназ-зоолимиин»* – деп айтты». (Тирмизи, 3505)

Мааниси: «Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок. Сен айып-кемчиликтерден аруусуң! Чындыгында мен заалымдардан болдум».

Юнус пайгамбар киттин ичинде болгон кезде ушул дуба менен дуба кылган. Аллах аны дубасын кабыл кылып бул кыйынчылыктан куткарган. Андыктан кайсы гана мусулман болбосун, ушул дубаны айтып дуба кылган болсо, анда анын дубасы сөзсүз түрдө кабыл болот.

عن سعد رضي الله عنه قَالَ : » كُنَّا جُلُوسًا عِنْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، فَقَالَ : ( أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِشَيْءٍ إِذَا نَزَلَ بِرَجُلٍ مِنْكُمْ كَرِبٌ ، أَوْ بَلَاءٌ مِنْ بَلَايَا الدُّنْيَا دَعَا بِهِ يُفَرَّجُ عَنْهُ ؟ ) فَقِيلَ لَهُ : بَلَى ، فَقَالَ: ( دُعَاءُ ذِي النُّونِ: لَا إِلَهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ )

Кимдин башына кандайдыр бир кыйынчылык келген кезде, ушул дубаны окуса, Аллах аны Юунус пайгамбарды киттин ичинен алып чыккандай, туш келген кыйынчылыктан да куткарат». (Ал-Хаким, сахих ал-жами» 2605)

🌹Жума маарек болсун!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button