alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Кадамжайда таңга жуук үйдө «машвара» өткөрүп жаткан 5 адам кармалды

Кадамжайда “Йакын Инкар” диний агымынын 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун 28, 44, 53, 32, 40 жаштагы жарандар короодо жайгашкан бир бөлмөлүү жашоого толук шарты жок үйүндө таңга жуук өздөрүнчө жыйын өткөрүп жаткан жеринен кармалган.

Алардын жанынан 26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Башка жанылык таппай калдынарбы эшектер????!!! Тан намаздан кийин Аллах жонундо суйлошсо болбойбу?? Андан кору коррупционерлерди,бандиттерди жазбайсынарбы иттер???!!!!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button