alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Дүйнө өтүп кетүүчү байлык,түбөлүк байлык — акыретке алып кетүүчү амалың….

✍Көп адамдар дүйнөдө абдан сонун бир жашоо жашай алам деп жаңылат. Чындыгында болсо, Аллахты жана акыретти унуткан бир адам эч качан каалагандай, кыялдангандай жашоого жете албайт. Себеби, каалаган бир нерсесине жеткенде, андан да жакшысын жана көбүн каалап баштайт. Акчалуу болот, ал жетишпейт, дагы көбүрөөк иштеп, көбүрөөк табайын дейт.

Үйлүү болот, ал жакпай калат; андан да көңүлүнө жакын бир үй көрүп, аны алуу үчүн аракет кылып баштайт. Жыл сайын каалоолору өзгөргөндүктөн, үйүнүн ичин да, кийимдерин да жактырбайт, тынымсыз андан да жакшы эмерек жана кийимдерди кыялданат. Албетте, бир момундун көбүрөөк шүгүр келтирүү үчүн жана бейишти эстөө үчүн Аллахтан жакшылык сурашы жакшы нерсе. Бирок, Аллахты жана акыретти унутуу менен, жалаң гана дүнүйөнүн артынан чуркаган Аллахты эстебеген адамдардын рух абалы момундардыкынан такыр башкача. Мындай адамдардын абалы Куранда мындайча сүрөттөлөт:

«Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат.» (Мүдессир Сүрөсү, 11-15)

Бул жерде абдан маанилүү бир чындыкты байкайбыз. Эң көп үйү болгон, эң кымбат машиналарды сатып алган, эң көп кийими бар адамдын да жашай турган бөлмөсү, колдоно турган машинасы, жей турган тамагы, жата турган төшөгү, кийе турган кийими чектүү.

Дүйнөнүн эң чоң сарайында жашаган адам бир эле учурда канча бөлмөдө жашай алат? Же эң кооз кийимдери бар адам бир жолкуда бул кийимдеринин канчоосун кийе алат? Ондогон бөлмөдөн турган хан сарайына ээ болсо да, бир эле убакта бардык бөлмөлөрдү колдоно албагандыктан, үйүнүн эң көп бир бөлмөсүндө жашайт. Шкафтар толо кийими болсо да, бир эле учурда бир гана кийим кийе алышат. Аллах жараткан миңдеген түрдүү тамакка ээ болсо да, эң көп 2-3 чыны тамак жей алышат; андан көбүн жей турган болсо, бул алар үчүн кыйноо алып келет…

Шек жок, мындай мисалдар толтура. Эң негизгиси, адамдын ага «ырахат алып келет» деген малы-мүлкүнүн, башка бүт нерселеринин чектүү болушу. Чыныгы байлык деген эмне анда? Чыныгы байлык – Аллахка ыйман келтирген жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү кооздуктарына ашыкча маани бербеген, бүт нерсенин жалаң гана Аллахтан келгенин билген момундарга тиешелүү. Себеби, момун дүйнө жашоосун берип, акыретти сатып алган. Мал-мүлкүн Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн сурайт жана бул максатта колдонот. Ага берилген жакшылыктарга шүгүр келтирип, дүйнөдө кемчилик сыяктуу көрүнгөн окуяларда да Аллахка шүгүр келтирет. Ошондуктан, эң пайдалуу соода кылган болот, өтүп кетүүчү эмес, түбөлүк байлыкты тандайт. кадам Эгер билсек иблис Аллахтын арам кылган нерсесин пендеге аткарттыра албаса, ибадаттан алаксытып дүйнөлүк кызыкчылыктарга тартат.

Пайдасыз иштер менен алектендирип коёт. Шайтандын амалынан сактануу үчүн жалган жашоонун кайсы бир күнү ойрон болорун жана өлүмдү көп эстөө зарыл.

ﺯُﻳِّﻦَ ﻟِﻠﻨَّﺎﺱِ ﺣُﺐُّ ﺍﻟﺸَّﻬَﻮَﺍﺕِ ﻣِﻦَ ﺍﻟﻨِّﺴَﺎﺀِ ﻭَﺍﻟْﺒَﻨِﻴﻦَ ﻭَﺍﻟْﻘَﻨَﺎﻃِﻴﺮِ ﺍﻟْﻤُﻘَﻨْﻄَﺮَﺓِ ﻣِﻦَ ﺍﻟﺬَّﻫَﺐِ ﻭَﺍﻟْﻔِﻀَّﺔِ ﻭَﺍﻟْﺨَﻴْﻞِ ﺍﻟْﻤُﺴَﻮَّﻣَﺔِ ﻭَﺍﻷﻧْﻌَﺎﻡِ ﻭَﺍﻟْﺤَﺮْﺙِ، ﺫَﻟِﻚَ ﻣَﺘَﺎﻉُ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺓِ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﻭَﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋِﻨْﺪَﻩُ ﺣُﺴْﻦُ ﺍﻟْﻤَﺂﺏِ

«Адамдарга-аялдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарларга болгон сүйүү кооз көрсөтүлдү. Бул-ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Аллахтын алдында кайтып бара турган кооз жай бар». (3.Алю Имран: 14)

ﻭَﻣَﺎ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺓُ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﺇِﻻ ﻟَﻌِﺐٌ ﻭَﻟَﻬْﻮٌ ﻭَﻟَﻠﺪَّﺍﺭُ ﺍﻵﺧِﺮَﺓُ ﺧَﻴْﺮٌ ﻟِﻠَّﺬِﻳﻦَ ﻳَﺘَّﻘُﻮﻥَ ﺃَﻓَﻼ ﺗَﻌْﻘِﻠُﻮﻥَ

«Бул дүйнөнүн жашоосу оюн гана. Аллахтан корккондор үчүн акырет жашоосу эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?» (6.Аль-Ан`ам: 32)

ﺍﻟْﻤَﺎﻝُ ﻭَﺍﻟْﺒَﻨُﻮﻥَ ﺯِﻳﻨَﺔُ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺓِ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﻭَﺍﻟْﺒَﺎﻗِﻴَﺎﺕُ ﺍﻟﺼَّﺎﻟِﺤَﺎﺕُ ﺧَﻴْﺮٌ ﻋِﻨْﺪَ ﺭَﺑِّﻚَ ﺛَﻮَﺍﺑًﺎ ﻭَﺧَﻴْﺮٌ ﺃَﻣَﻼ

«Мал-мүлк менен бала-чакалар дүйнө тиричилигинин көркү. Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо, Эгеңдин алдында. Жакшы иштер сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты. ». (18.Аль-Кяхф: 46)

ﻭَﻣَﺎ ﻫَﺬِﻩِ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺓُ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﺇِﻻ ﻟَﻬْﻮٌ ﻭَﻟَﻌِﺐٌ ﻭَﺇِﻥَّ ﺍﻟﺪَّﺍﺭَ ﺍﻵﺧِﺮَﺓَ ﻟَﻬِﻲَ ﺍﻟْﺤَﻴَﻮَﺍﻥُ ﻟَﻮْ ﻛَﺎﻧُﻮﺍ ﻳَﻌْﻠَﻤُﻮﻥَ

«Бул дүйнөдөгү жашоо оюн-күлкү гана, а Акыреттеги анык жашоо, эгер алар муну билген болсо!» (29.Аль-Анкябут: 64)

Оо, мусулман бир тууган! Аллахтын бул айткандарын жадыңызга бекем түйүңүз. Жаралыш максатыңызды эстеңиз. Биз бир Кудайга гана ибадат кылуу үчүн жаралбадык беле. Дүйнө ишиндеги милдетти аткаргандан кийин бош убактыңызды чыныгы жашоодогу пайдалуу ишке арнаңыз.

ﻓَﺈِﺫَﺍ ﻓَﺮَﻏْﺖَ ﻓَﺎﻧْﺼَﺐْ * ﻭَﺇِﻟَﻰ ﺭَﺑِّﻚَ ﻓَﺎﺭْﻏَﺐْ

«Эгерде (намаздан) бошосоң, (дубага) кириш. Жараткан Эгеңе жалбар!». (94.Аш-Шарх: 7- 8)

ﻭَﺍﺑْﺘَﻎِ ﻓِﻴﻤَﺎ ﺁﺗَﺎﻙَ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﺍﻟﺪَّﺍﺭَ ﺍﻵﺧِﺮَﺓَ ﻭَﻻ ﺗَﻨْﺲَ ﻧَﺼِﻴﺒَﻚَ ﻣِﻦَ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﻭَﺃَﺣْﺴِﻦْ ﻛَﻤَﺎ ﺃَﺣْﺴَﻦَ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﺇِﻟَﻴْﻚَ

«Аллахтын сага берген дөөлөтү аркылуу Акырет конушуна жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа. Аллах сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Аллах бузукуларды сүйбөйт». (28.Аль-Касас: 77)

Бул дүйнө эгинзар ким эмне эксе акыретте ошону алат. Бул дүйнө кызыкчылыктары акыретибиз алдында бир кыпынчалык кадырга ээ эмес ошондуктан бир тууганым убакытты ысырап кылбай түбөлүк бакытуулук жолуна камыңызды көрүп калыңыз…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button