alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Макалалар

ООР КҮНДӨР АЛДЫДА же ҮЛПҮЛДӨГӨН ҮМҮТ…

Алла Таала бардык нерсени билүүчү зат. Ал — кайгы-муңуңду көрүп турган зат. Ал жеңилдик бергенден жеңил, Ал кыйындаткандан артык кыйынчылык жок.

Караңгы түндүн коюланганы, агарган таңдын жакындаганын билдирет.

Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус менен кошо келген оор сыноолор качан бүтөт деген суроо баарыбызды түйшөлтүп жатса керек. Биз акыр заман пайгамбарынын үммөтү эмеспизби, дагы кандай күндөрдү күтүп жатабыз?

Маида сүрөсүнүн 105-аятында Алла Таала:

Эй, ыйман келтиргендер! Силер (Кыйаматта) өзүңөр үчүн жооп бересиңер. Силер туура жолдо жүрсөңөр адашкандар (каапырлар) силерге зыян келтире алышпайт. Баарыңар Аллага кайтасыңар. Ал силерге эмне кылганыңарды кабарлайт.”- дейт.

Биз жакшы деп ойлогон нерседе жамандык, жаман деп ойлогон нерседе Аллах жакшылык жашырып койгондур. Биз билбейбиз, Аллах билет!

Кудайдын башка жазганынан башка тагдыр барбы? Белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче эч ким өлбөйт. Эч ким жазылган ырыскысынан ашыкча же азыраак жебейт. Баары өлчөнгөн, баарынын эсеби бар. Анда эмнеге мынча кыжаалатчылык кыйнайт?

Эң негизгиси, мындай кырдаалда  “Эмне кылышыбыз керек?” “Кайда барышыбыз керек?” “Кимге кайрылабыз?” деген суроолор түйшөлтпөй койбойт.

Бул суроолордун жообу абдан жөнөкөй. Сиз эмне менен алектенип жатканыңызды, сиз сүйлөп жаткан сөздөр жана аткарып жаткан амалдар Анын ыраазычылыгына туура келеби же жокпу, карап көрүңүз…

Оор мезгилди баштан өткөрүп жатканыбыз ырас. Болуп көрбөгөндөй фитналар болуп жатат. Бүткүл дүйнө жүзүндө өзгөрүү мезгили келди. Адамдардагы коркуу сезими, алардын үмүтүн үлпүлдөтүп койду. Бүткүл адамзат коркунучка кептелген кезде, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды, сооп иштерди жасагандар, Кудай жолунда жүргөндөр көбүрөөк өзүн коопсуз сезишет.

Албетте, кылмыш-кырсыктар, эпидемиялык оорулар, согуштук- террордук актылар, адам өлтүрүүлөр жана социалдык көйгөйлөр мындай учурда резонанстуу деле болбой калды. Өздөрүн “ак карга” көрсөткөн бузукулар көңүл чордонубузда…

Коронавирус жан алууну улантууда. Бир эле кара терилүү кишинин өлтүрүшү менен башталган окуялар АКШда Трампка каршы демонстрацияга айланып, Европада дагы мындай окуялар уланууда.

Жай келип, күн ысыганда вирус күчүн жоготот, анткени ал ысык абага туруштук бере албайт дешти. Бир жагынан, эмдөө, дары-дармек боюнча талкуулар уланып, экинчи жагынан микробдун мутацияга айланганын айтып жатышат. Микробдун кантип пайда болгону дагы деле так билине элек. Бир жагынан, кимдир бирөөлөр адамдарга чип орнотууга даярданып жатса, дагы башкалары 5G станцияларын курууну улантууда, бир жагында космостук “жарышуулар”…

Илдетти жеңип чыгуу үчүн кабыл алынган сунуштарда да эч кандай өзгөрүү жок. Ошондой эле, сактануу үчүн берилген кеңештер: үйдөн чыкпа, маска кий, колуңду жуу, аралыкты сакта, антисептикалык каражаттарды колдонуу… Буларга амал кылгандар бар, ошол эле учурда “сенин таанышың барбы ушул оорудан өлгөн, мен тааныгандар оорубай эле” деп кайдыгер мамиле кылгандар…

Эгемендүүлүктү алгандан бери мындай оор күнгө кабыла элекпиз. Тарыхтагы биздин заманга чейин жана биздин заманда деген сыяктуу эле өлкөбүздө, саясий жашоодо коронавируска чейин жана коронавирустан кийин деген жаңы заман башталат окшойт. Экинчи жагынан, жаңы кылымга өтүп жаткандыктан, бул оор күндөр жакын арада бүтчүдөй эмес.  Оор жоготуулар али алдыда көрүнөт. Жашоо мурдагыдай болбойт. Же адам өзгөрөт, же анын аң-сезими …

Эгерде азыркы болуп жаткандар кимдир бирөөлөр пландаштыргандай болуп жатса (Кудай сактасын), алар адамзатты “заманбап кулдарга” айлантууну көздөп жатышат. Бул “сценарийди” жазгандардын ата-бабалары кызыл терилүүлөрдүн (индеецтерди) терисин сыйрып, кара терилүлөрдү кул кылышкан, түрдүү чөлкөмдөрдү колонияга айлантышкан. Басып алышкан.

Эки жолу дүйнөлүк согушту баштап, бир жолу кансыз согушту адамзатка «белек» кылып тартуулашкан. Алар колониалдык мурасын өз ара бөлүшө албай, 100 жыл бою өз ара согушкандардын саясий мураскерлери жана окшош ой жүгүрткөндөр. Эгер алар тил табыша албаса, дүйнөнү мындан да “чоң апаат” күтүп турат.

Албетте, алардын планы болгон болсо, Аллахтын өкүмү бар. Бул өткөөл мезгилдеги сыноолор адам баласынын адамгерчилигине, кайратына, эмгегине, акылмандыгына жана адилеттүүлүгүнө жараша. Аллахтын жардамы болмоюн жеңишке жете албайбыз. Аллах сабатсыз түркөйлөргө, заалымдарга, арсыз-уятсыздарга, эки жүздүүлөргө, каапырларга жана фаасыктарга жардам бербейт. Алардын арасында жүрүп аларды колдогондорго, бирге жүргөндөргө да! Тескерисинче, алар алыска бара алышпайт.

АКШда бир негр өлүптүр деп жумалап ызы-чуу түшүп, баш аламандык жаралганын жакшы билесиңер. Ошол эле учурла АКШда коронадан каза болгондордун саны 130 миңден ашты. Булардын жарымынан көбү кара терилүүлөр. Эч ким үн чыгарган жок. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.

Келечек өткөн күндөрдөн көз каранды. Албетте, кайсы коом болбосун өзгөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Азыр ар бирибиз коркуу менен үмүттүн ортосунда жашап жатабыз. Үмүтүбүз үстөмдүк кылышы керек!

Ичибиздеги ириткилердин айынан, бузукулардын бузукулугунан улам кыйроого кетпелишибиз мүмкүн , унутпайлы. Эгер биз аларга туруштук берели десек, алардын акмакчылыгына үн катпаган дудук шайтандардан болбойлу! Жакшы күндөр алдыда!!!

Адилет Сыдыков, 20-июнь, 2020
атайын «Formula.kg» сайты үчүн

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button