Дүйнөнүн эң картаң пили деп кабыл алынган Индра Индиянын Карнаката аймагындагы табигый турмуш лагеринде өлдү. Сакребаль лагеринин жетекчилери 85 – 90 жашта экендиги болжолдолгон Индранын «ашказандагы катуу сезгенүүдөн» улам өлгөндүгүн билдирди.
Ветеринарлар бир канча убакыттан бери ооруп жаткан Индранын январь айынын башында тамак жебей калгандыгын жана барган сайын арыктоо менен алдан тайгандыгын белгилешти.
Атын индус ишеничинде бардык теңирлердин королу деп саналган «Индрадан» алган пил 1968 – жылы Сакребаль лагерине алып келинген. Жетекчилер 15 жыл мурда тиштери түшкөн Индранын 85 – 90 жашта экендиги болжолдолууда.
«ТРТ»