ЖаңылыктарФото
Чубак ажы Жалилов Стамбулда өткөн «Арапча китептер жана маданият күндөрүнө» аттуу иш-чарага катышты
Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана дин аалымы Молдо Газы Зияев 17-февралдан 19-февралга чейин Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өткөн «Арапча китептер жана маданият күндөрүнө» аттуу иш-чарага катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 100 аалым жана жазуучулар, 50 басма үйүлөрү чакырылган. Быйылкы жылы экинчи ирээт өткөрүлүп жаткан «Арапча китептер жана маданият күндөрүнө» аттуу иш-чара Түркия жазуучулар союзу жана Хашимит басма үйү менен бирдикте уюштурулган.
http://muftiyat.kg