alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Чүйдө «Йакын инкарга» даават жүргүзгөндөр кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын, Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрүн аныкташты.

12-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын үйүнөн диний адабияттар, баракчалар, дептерлер жана уюлдук телефондор табылган. Бардык алынган буюмдар боюнча экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар экендиги аныкталган.

Бардык чогултулган материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») боюнча каттоого алынган.

Натыйжада төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

— 1993-жылы туулган Б.О, мурда соттолгон;

— 1987-жылы туулган С.К;

— 1987-жылы туулган К.У.

Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар кыймылдын идеяларын үгүттөгөн. Кылмышка шектүүлөр СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button