alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Өзбек ажы: НПОчулар Жогорку Кеңешти, УКМК, МВД ж.б. күч органдарын коркутуп алышыптыр

«Ак-Өргө» жаңы конушундагы мектепке Өзбек ажы Чотоновдун окуучуларга окуган насааты боюнча териштирүү жүрүп, экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу, бүгүн, 13-июлда «АКИpress» агенттигине Ленин РИИБдин басма сөз кызматы биилдирди

Социалдык тармактарга тараган маалыматтан кийин бул факт ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Буга байланыштуу Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун («Кылмыш ишин козгобогон жагдайлар») негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган.

 

Ал эми диний ишмер Өзүбек Чотонов «мектепте сүйүү деген болбойт» деген берүү тартканын айтып, айрымдар аны «туура эмес түшүнүп», арыз жазышкан:

«Азыр Садыбакас устазга каршы акция уюштургандай эле, мага каршы 4-5 жолу активистка жана активист деген тенирчи, бузуку, чагымчы, НПОчу аял эркектер жалаа жазышып, УКМК, МВД, ЖК, жб ларды мажбурлаган экен. Эмнеге мынча эле жиниккендей келесинер десем: 2-3күндөн бери тынбай бизди текшкер деп кыйнап жатышат дейт Көрсө булар силовиктерди, ЖКны коркутуп алыптыр. Атүгүл президентке чейин жаза беришет экен.

Бир акмак катын жолукка асылып, дал АШАнын кыргызым кайда баратасын дегендей клип жасап чыгарыптыр, башталышы: Биз кичинебизде сен Жп, мен жп, сенден өткөн мен жп, деп башталат, анан мен комментарий берсем, бүт жерге кайрылыптыр, а биздин шоркелдей органдар ошонун арызын карап жүрү»-дейт ажы.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button