alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Аалымдар Кеңешинин төрагасы кыргыз элин орозо айт менен куттуктады

Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысмы менен баштаймын!
Касиеттүү Рамазанда орозо кармоону насип кылып, орозо айтка жеткиргени үчүн Алла Таалага чексиз шүгүр келтиремин. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага салам жана салаваттар болсун!
Ассаламу алейкум кадырлуу кыргыз журтчулугу, азиз момун мусулман бир туугандар!

Баарыбыз бир ай мурда Ислам дининдеги беш парздын бири саналган орозо мектебине катталып, адаттагыдан көбүрөөк ибадат кылып, чаңкаган жан дүйнөбүздү ыйманга сугарып, муктаждарга жардам берип, ар бирибиз өз эркибизди Алла Тааланын сыноосунан өткөрдүк. Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн берилген ифтарлар, түндүн таттуу уйкусунан ойгонуп ичип жеген саарлыгыбыз, таравих менен тахажжуд намаздарыбыз, фитр садака, кадыр түн, зикирлер, дуба тилектер жана окулган Куран хатмылар мусулмандык аң сезимди бекемдеп, напсинин эмес, Жараткандын кулу экенибизди үйрөттү. Табиятыбыздагы жакшы сапаттар рамазандын берекелүү жамгыры менен дагы да көркүнө чыгып, дагы да кемелине келди. Руханий өнүгүүнүн бир айлык таалими аяктаган соң орозонун бүткөнүнө кайгырып, айтка жеткенибизге кубанып олтурабыз.
Жараткан Алла энчилеп берген бул улуу майрамды чыныгы майрамдай өткөрөлү. Чыныгы майрам – жан дүйнөнүн кубанычы. Ата-эненин ыраазылыгын алуу – Алланын ыраазылыгына тете улуу иш. Андыктан, айтты утурлай ата-энелерден кабар алуу, аларды кубантуу жана ак баталарын алуу зарыл. Айт намазды окуган соң, муктаждарга кол сунуп, маркумдарыбызга сообун багыштап Куран окуйлу, бейтаптарды, жетим-жесирлерди, карыларды зыярат кылып, айттап келген туугандарыбыз, коңшуларыбыз жана диндеш бир туугандарыбыз менен дасторкон үстүндө дидарлашалы. Айрыкча, эртеңки келечегибиз болгон балдар кыздарыбызга майрамдык маанайды, шаттыкты сездирүүнү жана кубаныч тартуулоону унутта калтырбайлы. Араздашкан же таарынышкан жакындарыбызды жараштырып, кимдерди капа кылган болсок, ошол адамдардан кечирим сурайлы, кимдин акысына кирген болсок, анын ыраазылыгын алып адалдашалы. Алыс-жакын болгонуна карабай бири-бирине дуба кылуу айттын айныгыс шарты эмеспи. Андыктан, бул улуу мүмкүнчүлүктү текке кетирбей бир-бирибизге дуба кылалы. Мына ушул нары сооптуу, нары пайдалуу иштер мусулман баласынын жан дүйнөсүн кубанычка бөлөйт. Ошондой эле мусулмандык аң-сезимди күчтөндүрүп, ынтымагыбызды, достугубузду, бир туугандыгыбызды бекемдейт.
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Улук айдын урматына Алла Таала элибизге тынчтыкты, ынтымакты, молчулук-токчулукту, эң негизгиси ыймандуулукту, ынсаптуулукту насип кылсын. Рамазан айында кармаган орозоңуздар, талыкпастан аткарган ибадаттарыңыздар, изги иштериңиздер, кайрымдуулуктарыңыздар, фитр садакаларыңыздар кабыл болсун! Кудайым баарыбызды кийинки рамазан айларына эсен-аман жеткирип, өзү ыраазы болгон пенделеринин катарына кошо көрсүн! Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button