alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ВидеоЖаңылыктарМедиа
Эң мыкты

Болот Темиров: Казиного каршы чыккан Садыбакас ажыны элге жаман көрсөтүү аракети болуп жатат

Мындай пикирин белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темиров айтып чыкты. Анын айтымында, бул аракет аалымды атайын элге жаман көрсөтүү:

«Кимдир-бирөөлөр Садыбакас Дооловдун видеосун өтө кунт коюп көргөн, казино жөнүндө айтканына тиши кычыраган, анан даро керектүү жерин кырка салып жарыялашты. Бир ок менен эки коенду жайлаш үчүн. Казиного каршы чыккандарды бири-бири менен кагыштыруу бул. […] Бир нерсеге түшүнүшүбүз керек; ушинтип бир гана Садыбакас Дооловду дискредитация кылып атышкан жок, кудай деген кулпенделердин кимиси казиного каршы чыкса, журналисттерди да бири менен бирин кагыштырышууда.»–деген Темиров.

Эске салсак, 6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, «аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button