alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Катар өз аймагына кирүүгө 80 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүү тартибин киргизди

Катар бийлиги 80 мамлекеттин жарандары үчүн виза режимин жеңилдетти. Бул туурасында Катар авиажолдору компаниясынын аткаруучу директору Акбар аль-Бакер жана туризм департаментинин башчысы Хассан аль-Ибрагим маалымат жыйынында билдирди.

Дипломатиялык чырдын айынан өгөйлөнүп калган Катар мына ушундай жол менен туристтерди тартуу аракетин көрүп жатат.

“Бириккен Араб эмираттарына караганда Катарда туризм тармагына анча маани берилбей келген эле. Мындан тышкары, бул өлкөнүн виза тартиби өтө катаал болчу. Жаңы виза тартиби боюнча эми бул мамлекетке келүүнү каалаган жарандын жанында чет өлкө паспорту болсо жетиштүү.

Отуз үч өлкөнүн жарандары, анын ичинде Франциянын, Германиянын жарандары  Катарда визасыз эле 180 күн жүрө алат. Мындан тышкары 47 мамлекеттин жарандары Катарда 30 күн визасы жок жүрүүгө мүмкүндүк алышат жана эгер каалашса дагы отуз күн визасын узартып алууга мүмкүндүк берилет”,-деп жазат маалымат сайттары.

Айта кетсек, 5-июнда Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана бир катар өлкөлөр  Катарды терроризмди колдоп жатышат жеген кине менен дипломатиялык мамилелерди кан буугандай токтотуп салышкан эле.

Булак
"Исламлайф"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button