alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларРубрикасыз

Кызыгуу, же башыбыздагы суроо белгилери

4 жашар кыз, күн батып кеч киргенде эле өлүм эсине келе берет жана эстеген сайын байкесинен сурайт:
“ Биз өлгөндөн кийин эмне болобуз?”
Байкеси: “ Жок болобуз, чирийбиз”
Алган жообуна жүрөгү тынчыбайт, канааттанбайт. Убакыт өтө берет, а кыз болсо башындагы суроолор менен жашай берет. “ Асман, күн, жер, ай, адамдар, аба, өлүм. Буларды бар кылып турган эмне, кандай күч?” Суроо берет, жооп берер адам жок. Мындан ары суроолору ичинде суроо бойдон кала берет. Бирок бир күчтүн, бир жаратуучунун бар экенин жүрөгүнүн түпкүрүндө туюп, билип турса да ал жөнүндө эч кандай маалыматка ээ болбой өсөт. Башында толгон токой суроолор менен күндөрү өтөт.

“Аллах кимге жакшылык кааласа, аны динди түшүнүүчүлөрдөн кылып коёт.”

Ал кыз башындагы суроолорго жооп тапты жана жан дүйнөсүндөгү хаостон (башаламандык) кутулду.
Негизи  эле ар бир адамда бир нерселерге кызыгуу деген сапат бар. Бул айрыкча кичинекей балдарда күчтүү.

Бейиш деп сүйлөп калсак, “бейиш эмне?”, “ ал кайда?”, “ эмне үчүн?”, “периштелер менен сүйлөшсөк болобу?”- деп дайыма суроо берип турушат

Кызыгуулары өтө күчтүү. Бирок ушул сапат бара-бара туура эмес нукка бурулуп кетет. Эң көп Медиага ( ырчы, артист, актёрлор) багытталат. Кайсы ырчы кай жактык, канчанчы жылы, кайсы айда төрөлгөн, үй-бүлөөлүбү, бойдокпу баарын билебиз. Жадакалса тээ Кареадагы бир актёрдун жылы, айы бул жакта турсун, хоббиси, фобиясына чейин билебиз. Кызыгуубузду туура эмес колдонуп жатабыз. Ошол ырчы, актёрлорго кызыгып кетирген энергиябызды өзүбүз үчүн колдоно албайбызбы? Башыбызда суроолорду жандандырсак жана ошолорго жооп табууга аракет кылсак болбойбу? Же андай кылбастан башыбыз хаос, кайдан келгенибизди, кайда бараарыбызды билбей, жашообуз да хаос болуп, күнүмдүк курсагыбыз тойгонуна сүйүнүп жүрө беребизби?

Андай эмес болсо “жашоодон максатым эмне?” -дегенден баштаңыз жана “мен жаратуучуму ыраазы кылып жатамбы?”- дегенге чейин улантыңыз.

Кызыгыңыз, мусулмандар эле эмес башкалар да идеалдуу адам катары кабыл ала турган деңгээлде пайгамбарыбыз(ﷺ ) кандай адам эле, кандай жашап өттү эле? Эмнеге Аллах “мени сүйсөңөр пайгамбар (ﷺ ) ды сүйгүлө”-деп жатат? “мен Аллахты чындап эле сүйөмбү?”
Кызыгыңыз…. Сүйгөн адам сүйгөнү ыраазы боло турган иштерди жасабайбы, сүйгөн адам сүйгөнүнүн өмүр таржымалын үйрөнүп, ал көрсөткөн жолдо жүрбөйбү. Аны идеал тутуп жашабайбы.(пайгамбарыбыз (ﷺ ) жөнүндө сөз болду)
Кызыгыңыз… Башканы  коюп, өзүңүздүн абалыңызга кызыгыңыз. Аллах берген жакшы сапаттарыбызды туура эмес колдонуп жүрүп, акыретте өкүнүүчүлөрдөн болуп калбайлы.
Албетте Аллах кимге жашылык кааласа, аны динди түшүүнүүчүлөрдөн кылып коёт.  Ошондо да бул “ Алма быш, оозума түш” менен болбойт. Дайыма өзүңүзгө суроо бериңиз, жооп бериңиз же жооп издеңиз, өзүңүздөн отчёт алыңыз. Напсиңизди, эмне кылсаң ошо кыл деп бош таштап койбоңуз!

December 15, 2015 at 01:37PM

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Здравствуйте. Готов помочь увеличить посещаемость и доходность вашего сайта, а также решить все имеющиеся на сайте проблемы. Причем рост посещаемости будет идти за счет притока целевых посетителей из поисковых систем, что для вас максимально выгодно и перспективно.

    Немного информации о себе. Я специалист в области создания, доработки и продвижения сайтов. Также имею знания и опыт в ряде смежных областей. Опыт работы составляет больше 19 лет. Работу всегда выполняю качественно.

    Основные направления моей деятельности:

    1. Внутренняя оптимизация. Все необходимые работы по сайту с целью достижения наилучших позиций в поисковых системах, улучшение конверсионных качеств и юзабилити, решение всех встреченных ошибок, при необходимости внедрение нового или улучшение старого функционала.

    2. Продвижение в поисковых системах. Работа с улучшением позиций по значимым для вас поисковым запросам, что способно дать большой приток целевой аудитории на сайт.

    3. Создание сайтов различных типов. Могу создать лендинг, интернет-магазин, сайт компании, информационный сайт, блог и т. д.

    4. Работа с отзывами в интернете. Создание и продвижение хороших отзывов, а также удаление плохих.

    5. Настройка рекламных кампаний в различных сервисах контекстной рекламы (Яндекс Директ и т. д.).

    6. Создание, доработка и продвижение групп и каналов в социальных сетях. Сюда входит: youtube, телеграм, вконтакте и другие.

    Также могу помочь вам и в ряде иных вопросов. Пишите на почту: mikhail.r.seo@gmail.com

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button