alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Аллахыма чексиз шүгүр…

Жаш кезибизде баш кошуп, экөөбүз чогуу турмуш курдук. Заңгыраган ата-энеңдин үйүнөн мени менен кол кармашып үстүнөн суу аккан бир бөлмөлүү, эч кандай шарты жок, батирге кирип келдиң. Астыбызга салынган бир төшөк, жамынган бир жууркан, эки кашык, эки кеседен башка бизде буюм тайым жок эле. Жаздыгыбыз өзүбүз саткан баштыктар болду. Кир жууюн деп беш литрдик канистирди кесип алып чылапчын кылып кир жууп жүрдүн. Ошондо сен сабыр кылдын. Ошондо сен мага тирек болдуң. Эки жүз граммдап суу май сатып келип китлап менен тамак ичип бир далай жыл жашадык. Ошондо да сен мага түрлөп тамак жасап берүүгө болгон аракетин жасап келдиң. Ошондо да сен мага кайрылып “тажадым” деген жоксуң. Жок, анткен жоксуң, тескеринче “Бул да болсо Кудайдын сыноосу, сабыр кылсак баары болот” деп мени жоошутуп келдиң. Себеби, ал кезде адалдан ырыскы табыш бир кыйла оор эле. Ошентсе да сен арамдан мени тыйып келдиң, менин түзөтүүчүм болдуң. Кыштын кыраан чилдесинде түн ичинде мени жылыткан бул дүйнөдөгү бирден-бир адам сен болдуң. Токойго барып отун кыйып, балам үшүбөсүн деп, үйгө отун ташыганымда жолумду жарык кылган сен болдуң. Өтүк алганга акча жок болуп бир кыш бою ботс кийип жүрдүн, ошондо да наалыган эмес элен. Дале эсимде, бир батирден экинчи батирге көчкөндө болгон эмерегибизди кол арабага салып көчүп кеткенибиз. Аллахыма чексиз шүгүр ошондо сага кайрат берип, мага жөлөк кылганына. Дагы бир окуя эске түштү, жер алабыз деп анча-мынча тыйын чогултуп, архитектурада иштеген тааныш балага берген элем. Кечинде, сен, жумуштан келсем “тиги бала алдап кетпейби, эптеп чогулттук эле” деп калдың. Бушайман болуп отуруп, акыры түнкү саат он бирлерде ал баланын үйүнө барып, эшигин кактым. Эшигин ачаар менен атын атап, мени билесиң, алдап кетсең жашайм деп ойлобо дедим. Таанышым каткыра күлүп, “канча адамга жер алып берип жатам, анан ошончодон сени алдамак белем” деди эле, анысын угуп үйгө келип, экөөбүз бактылуу уктап калган элек. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жар кылып бергенине. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жөлөк, тирек кылганына. Аллахыма чексиз шүгүр сени менин ыйманымдын жартысы кылганына.
Оо Аллахым, дубаларды кабыл кылуучу, Оо Аллахым тилектерди орундатуучу, Оо Аллахым үмүттөрдү улоочу, Сенден гана суранып, Сенден гана тиленем, жарымдын дартына шыпааңды бер! Йа Аллахым дагы да мага тирек, жөлөк болуп жүрө беришин насип кыл! Оо момундар, менин келинчегим бүгүн-эртең операция болгону турат, келинчегим аман-эсен, сакайып кетсин деп дуба кылып коюңуздар! Оо Аллахым, бир туугандарымдын дубасын кабыл кыл! Амин!

(Интернет булактарынан алынып эркин которулду)

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button