30.1 C
Bishkek
14.06.2025
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Энени дубасы

Бул чакан риваятты окуган адам акыр заманга жакындашкан сайын кадыры төмөндөп бара жаткан энелердин дубасы не даражада кереметтү экенин билип алат жана эгер энесинин кадырына жетпей жргөн болсо, мамилесин ошол замат өзгөртөт деп үмүт кылабыз.
Муса алейхи салам күндөрдн биринде Аллах таалага жалбарды:
– Эй, Аллахым! Бейиште мага ким дос болушун билдире көр!
Аллах таала анын дубасын кабыл алды жана:
– Ушул жерден биринчи өткөн адам сенин Бейиштеги досуң болот – деди.
Бир киши өтөт. Муса алейхи салам “менин бейиштеги досум кандай адам болду экен” деп ойлоду жана кишинин караанын көздөн качырбай артынан ээрчиди. Киши бир үйгө кирди дагы бир бөлүк этти абдан кууруп, көздөр сокур, кара аялга жедирди. Ишин бүткөргөн соң кайра чыгып келди. Эшиктин алдында турган Муса аны токтотуп сурады:
– Эй бурадар, бул аял сага ким болот?
– Апам.
– Апаң сенин акыңа дуба кылабы?
– Ооба.
– Эмне деп дуба кылат?
– Ар дайым жедирип-ичирип, камкордук көргөзгөнүмдөн кийин “Эй, Аллахым! Уулумду Муса ибн Имран менен бейиште бирге кыл!” деп дуба кылат. Анда Муса айтты:
– Сага кушкабар, эй, Аллахтын пендеси! Аллах таала апаңдын дубасын кабыл кылды! Мен Муса ибн Имран боломун.

//

The post Энени дубасы appeared first on FORMULA.KG.

October 17, 2015 at 05:01PM

Related posts

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев облус жетекчиси менен жолугушуп, алдыда аткарылуучу иш-чаралардын мерчемин талкуулады

АЗИРЕТИ УМАР(Р.А) ЖАНА НИЛ ДАРЫЯСЫ ⠀

ИЛИМ ДЕҢИЗ СЫЯКТУУ

1 comment

fvvdnbygnz 08.11.2024 at 21:28

Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?

Reply

Leave a Comment