alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларРубрикасыз

Нике учурунда мас болсо нике жүрөбү?

1) Имамдыкка кандай адам өтүшү керек?

Жооп: Мусулман, илимдүү, акыл-эстүү, тарбиялуу, өңү өтө серт эмес, жаман жыт жыттанбаган (колоңсо, буту жыттануу), зынадан төрөлбөгөн (теги белгилүү), жергиликтүү элдин тилин жана дилин, маданиятын, менталитет-өзгөчөлүгүн билген эркек адам болуусу кажет.

2) Үй-бүлөсү менен шаарда туруктуу жашап, ата- энесине, тактап айтканда, туулуп-өскөн жерине аз күнгө барган адам намазын толук окуйбу же касыр окуйбу?

Жооп: Эгер ошол жерде (төрөлгөн жеринде) өзүнө таандык мүлкү (үй, жер, сарай, бак ж.б.у.с.) бар болуп, байлана турган болсо, анда ал жерге барганда намазды толук окуй берет. Андай болбогон шартта намазды касыр окуу важып болот.

3) Жашаган жеринен алыс айыл, район же облуста өзү жашап иштеп, кээде 14 күндөн аз убакыт аралыгында үйүнө келип турган адам намазын касыр окуйбу же толук окуйбу?

Жооп: Адам үйүнө келгенде канча мөөнөткө экендигине карабай эле толук окуй берет. Иштеген жерине 14 күндөн аз убакытка келсе, ошол убакта гана касыр окуйт.

4) Жолдошум менен турмуш курганыма 6 жыл болду, 1 балабыз бар. Кайненем менен жолдошумдун карыздары көп. Ошол карыздарды төлөш деп бир-эки жолу мени Москвага жиберишти. Жолдошум барайын десе депорт болгон. Одноклассникиден кыздар, келиндер, апасы менен тең аялдар менен сүйлөшөт. Акыркы күндөрү мага: “Сени көргүм келбей калды” дегенинен баламды алып апамдыкына келе бергем. Телефон чалып: “Экинчи кайтып келбе үйгө” дейт. Талак түшөбү? Эмне кылсам болот? (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Жооп: Менин түшүнүгүмдө сага күйөөң тараптан талак түшкөн эмес. Ажырашууну каалаган учурда ата-энең менен чогуу барып башыңды бошоттуруп алсаң болот. Күйөөңдүн кылган кылыгы шариатка туура келбейт. Аялын иштетип коюп үйүндө калган эркектин барынан жогу. Ушундайында кутулуп алганың жакшы болуптур. Сага Кудайым өзү бериптир.

5) Кайнатамдын инисинин кызын экинчи аялдыка алсам болобу?

Жооп: Болот. Анткени сенин аялың менен кайнатаңдын инисинин кызы бири бирине махрам эмес. Экөөнүн бирин эркек деп элестетсе, экөөнө бири-бирине үйлөнүүгө шариат тараптан мүмкүнчүлүк берилсе, анда алар намахрам (махрам эмес) деп эсептелет. Эки махрам эмес аялды бир никеде чогултууга мүмкүн.

Аял кишини бир тууган сиңдиси менен, бир тууган таэжеси менен (апасынын бир тууган эжеси же сиңдиси), бир тууган абжеси (атасынын бир тууган эжеси же карындашы) менен бир никеде чогултууга шариатта мүмкүн эмес.

6) Ата-энемдин арбагы ыраазы болуусу үчүн эмне кылуум керек? Кой союп куран окутсам, ал нерсе болбойт дешти.

Жооп: Болот. Болмок турсун болот. Сен ошол Куран окубагандардын маселесин уксаң керек. Деги эле ата-эненин арбагын ыраазы кылуу үчүн төмөндөгү иштерди аткарууң мүмкүн:

Ата-эненин курбулары менен катташып, аларга көмөк көрсөтүп туруу; Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн.
Ата-эненин бүтүрө албай калган жакшы иштерин бүтүрүү;
Ата-эненин бир туугандары менен мамилени үзбөө;
Колдон келген кайрымдуулук иштерди (мечит, мектеп, оорукана салуу, суу чыгаруу, жол салуу, жетим-жесирге жардам берүү, жакшы китептерди басып чыгаруу жана таратуу) аткарып аларга соопторун багыштап туруу.

7) Аялдардын кийимдерин сатып иштейбиз. Жеңи, этеги кыска, жакасы жакжайган кофталар да бар. Биз күнөөкөр болбойбузбу?

Жооп: Жок, күнөөкөр болбойсуң! Анткени, ал кийимдерди үй ичинде күйөөсүнүн көңүлүн көтөрүү үчүн кийген болсо, соопко ээ болот. Жакшылыкка мүмкүнчүлүгү бар болгон нерсени бир беткей жамандыкка оодара берүү туура эмес болот.

8) Сиздин сабактарыңыз кайсыл күндөрү, кайсыл жерде болорун айтып коёсузбу, устаз?

Жооп: Менин жадыбалдарым төмөнкүдөй:

Ар дүйшөмбүдө “Манас жаңырыгы” каналынан 20:00 дөн 21:00гө чейин түз эфир.
Ар шейшембиде “Аян” каналынан 20:00дөн 21:00гө чейин түз эфир.
Ар шаршембиде шам намазга 1 саат калгандан баштап шам намазына чейин эркектерге фыкых (мухтасар, Фатху баабил инаая) сабагы. Шамдан кийин суроо жооптор. КАСИ мечити (Ахунбаев көчөсү, Ататүрк паркы).
Ар бейшембиде “ЭлТР” каналынан 21:20 дан 22:20 га чейин “Түзөтүүгө тийиш сөз” түз эфир.
Ар жумада Жума баяны Абу Бакр (Алмата-Фрунзе кесилиши) мечитинде 12:30 дан 13:30 га чейин.
Ар айдын үчүнчү жумасы Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук мечитте Жума баяны. Ошол эле күнү “7-канал” каналынан түз эфир, “Бетме-бет” 21:00 дөн 22:00гө чейин.
Ар эки жумада бир жолу “Биринчи Радиодо” “Шариат” түз эфирдеги уктуруусу Сагынбек ажы менен;
Ар ишембиде 19:00дөн 20:30га чейин “Марал” радиосунда “Аалымдан асыл жооп “ түз эфирдеги уктуруу.
Ар жекшембиде “Ыйман” мечитинде (Ленинград-Жаш Гвардия) 10:30дан 13:00 гө чейин аялзатына баян (парда менен), суроо-жооптор (кагаз аркылуу) болот.
Ар жекшембиде шам намазга 1 саат калгандан баштап шам намазына чейин эркектерге хадис (Мишкаат, Миркаат) сабагы. Шамдан кийин суроо жооптор. КАСИ мечити (Ахунбаев көчөсү, Ататүрк паркы).
Ар аптада “Саресеп” гезитинин окурмандарынын суроолоруна жооп жазуу.

9) Мүрзөгө барып аял киши куран окуп келсе болобу?

Жооп: Жалгыз барганы жакшы эмес. Жанында туугандары болсо, маркум көмүлгөндөн кийин барып Куран окуса боло берет. Маркум көмүлүп жаткан учурда аялдардын мүрзөгө баруусу жакшы эмес.

10) Уйкудан тургандан кийин жеңил даарат алып намаз окуй берсе болобу?

Жооп: Ооба. Деги эле истинжа, оор же жеңил даарат бузулганда гана керек болот. Башка учурда истинжа кылбай эле даарат ала берсе дурус болот. Ал эле эмес, жел чыккандыгы үчүн истинжа кылган амалды бидьат амал деп баалаган аалымдарыбыз бар.

11) Үйдүн астына арча эксе болобу? Адамдын жашын талашат дейт, ушул турабы?

Жооп: Болбогон кеп. Арчада эмне күнөө? Жараткандын жараткан керемет бир дарагы. Биздин үйдө арча өсүп турат.

12) Жубайым менен ажырашканыма 3 жыл болду. Эми жарашам деп жатат. Шаарда жүрдү, шаар көргөн эчкиден түңүл дейт ко. Жарашкым деле жок. Эмне кылсам?

Жооп: Азыр шаар менен айылдын айырмасы жок болуп калды. Ааламдашуу заманында жашап жатпайбызбы? Арзан сойкулардын көптөрү айылдыктардан түзүлөт деп айтышат билгендер. Ошол эле учурда шаардыктардын түз жол менен барып келгендери да бар. Кандай болгон күндө да Кудай Таалам ынсап берген болсун. Шаарга келген адамга эле ким даярдап туруптур сен ойлогонду. Жарашкысы келсе жакшы экен, сенин баркыңды билгендир, сен деле 3 жылдан бери чоңойгондурсуң?… Айтор, жарашканга кеңеш берген болор элем…

13) Пайгамбарыбыз түшүңдө сени кучак жайып тосуп алып суу берсе, артынан туруп намаз окусаң эмне болот?

Жооп: Кудайдын бергени ошол болот, жараным! Бирок, Пайгамбарым алайхис саламдын кебете-кешпирин сүрөттөгөн китептерден, Пайгамбарым алайхис саламды жакшылап таанып, ошол өзүң тааныганга өзүң көргөндү салыштыр. Окшошсо ошол пайгамбарым болот. Окшошпосо, анда деле жакшы түш көргөн болосуң. Намаз окуган дайыма жакшы түш болот.

14) Никелешүү учурунда бир аз мас болсо нике жүрөбү?

Жооп: Өзүн-өзү билип, бутуна туруп турган болсо никеси жарай берет. Жарай берген менен, боло берет экен деп арак ичкен жакшы эмес. Бала пайда болор күнү арак ичкен адамдын балдары кандай болор экен? Арак ичүү арам. Адал деген ыймандан чыгат.

15) Атам катуу ичип кетти, апам менен канча жарашып канча ажырашты. Жараштырып койсок апамды уруп, мени муунтуп жүрдү. Акыры ажырашып тынды. Эми балам бизди ажыраштырды деп жүрөт экен. Ушундай сөздөрдөн тажап кеттим. Жараштырам десем апам анда мен кетем дейт. Кеңешиңизге муктажмын, устаз.

Жооп: Адамдардын сөзүнө маани бербе! Негизгиси Кудайга түз болсоң, баары ордуна келет.

16) Ажатканада Куран, Хадистер оюма көп келет, айтып да алам. Кантип арылсам болот?

Жооп: Оозуңа кебез тыгып алсаң, тилиң кыймылдабай калат.

17) 70-жылдары үйлөнүшкөндөрдүн никеси кыйылганбы же жокпу билбейм. Эгер никеси кыйылбай калса эмне болот? 2000-жылдары үйлөнгөм. Анда нике дегенди билчү эмес экенбиз. Кийин шаарга келип билип, арадан бир канча жыл өткөндөн кийин нике кыйдырдык. Эми эмне болот?

Жооп: Өткөн иш өттү. Никеңиз кыйылып жакшы болуптур. Башкалар өздөрүнүн проблемаларын өздөрү сурасын. Сиздики бүтүптүр.

18) Адамдагы сапаттарды Аллах Тааланын сыпаттарына окшоткондору кандай болот?

Жооп: Бул узак сабак сөз болот. Ошентсе да айта турган бир кеп, Аллах Таалам ырайымдуу, ырайымдууларды жакшы көрөт. Аллах Таалам жакшы, жакшыны гана кабыл кылат.

19) Жолдошум үйдөгү чыр-чатактардан улам телефондон “Экөөбүз эки башка адамбыз” деп айткан. Талак түшөбү?

Жооп: Жок, бул сөз менен талак түшпөйт. “Сарих” талактардын сөздөрү белгилүү болгондой эле, “киная” талактардын да сөздөрү белгилүү. Ар бир эле сөз менен талак түшө бербейт.

20) Өгөй ата валийлик кыла алабы? Негизи эле валийлик жөнүндө кенен маалымат берсеңиз, устаз?

Жооп: Өгөй ата валийлик кыла албайт. Кыздын атасы, бир тууган агасы, чоң атасы, атасынын бир тууган ага-иниси валий боло алат. Аялдын уулу, эркек бир тууганынын уулу ж.блар валий боло алат. Валий балагатка жеткен, акыл-эстүү, мусулман эркек адам болот.

21) Сайид Нурсийнин китептерин окусак болобу? 14 томдук китеби бар экен.

Жооп: Боло берет. Сайид Нурсий чоң аалымдардын бири. Болгону, «андан башканы окуган болбойт, ошол кишини гана окуу керек» деген пикирден алыс болуу керек.

22) Мамлекет тарабынан бюджетте иштегендерге (мугалим, доктурларга) үй алуу үчүн жеңилдетилген жана узун мөөнөткө кредит берилет деген маалыматтар бар. Үйү жоктор ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болобу?

Жооп: Кредиттин бардык түрүнө уруксат берилбейт.

23) Жолдошум мага үйлөнгөндө 29 жашта эле. Мурун да иштеген эмес экен, азыр да иштебейт. Апасынын пенсиясы менен күн кечирип келет. Ден-соолугу чың, оорукчан эмес. Балалуу болуп, шарт жоктугунан баламды апамдардын үйүндө багып чоңойтуп жатам. Талагымды бер десем, же бербейт. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?

Жооп: Карап көр. Аялды багуу эрдин милдети. Анын иштөөсүнө шарт түзүүгө аракеттен. Бир баланы багууга да дарамети келбесе, анда кандай болду? Үй-бүлөң менен кеңеш! Алар сага жаман кеңеш беришпейт. Истихаара намазын окусаң, жолуңду аныктаганга жардамчы болор.. Кудайым жакшылыгын ыроологон болсун!

http://saresep.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button