alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Чоң-Алай районунда ысырапкорчулукту токтотууга багытталган иш-чаралар өтүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районунда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу максатында массалык түрдө иш-чаралар өткөрүлүүдө. Саамалыкты уюштурууга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, хатибият аппараты, дин кызматкерлери, мекеме-ишкана жетекчилери, укук коргоо органдары жана аксакалдар кеңештери активдүү катышууда.

«Ысырапкорчулуктун кесепети, убалы, убайымы, шарияттагы өкүмү жөнүндө колдон келишинче түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Эң жакынынан ажырап боздогон үй-бүлөнү малынан да ажыратып сыздатпаш керек. Өзгөчө балагатка жете элек балдары бар же жакыр бүлөлөрдү мал сой деп жемелеп, мажбурлоо туура эмес. Батага келгендер эт, сорпо, казы-карта үчүн эмес, түпкүрүндө маркумдун урматы үчүн келишет эмеспи. Маркумдун рухуна багыштап Куран окуп, артында калгандарга сабыр тилеп, колдоо көрсөтүү үчүн барууну насаат кылып жатабыз», – деди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов.      

Баш имам-хатиб өз сөзүндө район тургундарынын түшүндүрүү иштерин түшүнүү менен кабыл алып жатканын жана ысырапкорчулуктун жоюлуп баратканын кошумчалады.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button